КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XXII-сессиясы
2023-жылдын 28-июлундагы № 6
Кашкар-Кыштак айыл аймагындагы “Ачы” участкасында жайгашкан кой короого тиешелүү болгон жер аянтын сатып алуу жөнүндө
Кашкар-Кыштак айылдык кеңештин депутаттары, Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Динбаевдин Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2000-жыл 24.03.№101 токтому менен Т.Юнусов атындагы агрофирманын чабандык үй жана кой короону берүү боюнча токтому менен, Т.Юнусов атындагы агрофирманын правлениясынын жана профсоюз комитетинин 03.01.20000-жыл күнкү кошмо заседаниясын №52 агрофирманын карамагында турган Ачы участкасындагы бир чабандык үй жана кой короо жер аянты менен кошо агрофирманын мүчөсү Зияев Алымжанга берилгендигине, Кара-Суу райондук жер жана агрардык реформа боюнча борборунун 2000-жылдын 10.07.№16 буйругу менен аталган чабандык үй жана кой короо Зияев Алимжанга менчиктештирилип, менчиктештирүү күбөлүгү берилгендигине токтолуп, кийингерээк 2000-жылы сатып алуу келишимдин негизинде Шерматов Султан сатып алгандыгын жана Кыргыз Республикасынын айыл чарба Министрлигине караштуу жер ресурстары кызматы “Кыргызмамжердолбор” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долборлоо институту мамлекеттик ишканасы, Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын 2023-жылдын 19.06.№831 сандуу чыгыш катында көрсөтүлгөн № 1851 контурда жайгашкан 025 гектарга барабар кой короону, жер аянтын сатууга макулдук берүү боюнча сунуш катын угуп, депутаттар айылдык кеңештин сессиясында кеңири карап талкуулап чыгып, айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигине караштуу жер ресурстары кызматынын “Кыргызмамжердолборлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долборлоо институту мамлекеттик ишканасы, Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча Мамлекеттик ишканасынын 2023-жылдын № 831/сп чыгыш катында көрсөтүлгөн № 1851-контурундагы 025 га кой короону жер аянтын Шерматов Султанга сатууга макулдук берилсин.
2. Жер кодексинин негизинде реформа жүрүп мүлк үлүшүнө тийген короолор таркатылып кетип, атайын иш кагаздары документтештирилбей калган. Бул короонун жер аянтын атайын түзүлгөн комиссиянын курамы менен текшерип, мулк ээлеринин тиешелүү жер салыктарын төлөнүшүн тактап, анан бардык төлөнбөй калган салыктарын төлөтүп, көз карандысыз баалоочулар тарабынан белгиленүүчү акыларды мыйзам чегинде тактап өндүрүлгөндөн кийин иш иш кагаздарын даярдап беруу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай маселелери жана жаратылышты коргоо боюнча айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы | З.Г.Нурдинов |