КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XXII-сессиясы
2023-жылдын 28-июлундагы № 7
“Ачы” участкасында жайгашкан кой короого тиешелүү болгон жер аянтын сатып алуу жөнүндө
Кашкар-Кыштак айылдык кеңештин депутаттары, Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Динбаевдин Мөнөк айылынын тургуну “Айкол” дыйкан чарбасынын жетекчиси Акунбеков Элдиярдын “Ачы” участкасындагы мүлк үлүшүнө тийген кой короонун ордун сатып алуу боюнча арызынын негизиндеги сунуш каты боюнча тактоо иретинде Кыргыз Республикасынын айыл чарба Министрлигине караштуу жер ресурстары кызматынын “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасына кайрылып, № 925/сп. 10.07.2023-жылдагы чыгыш сандуу катындагы жалпы аянты №1847 контурда 017 га короого тиешелүү болгон жер аянты көрсөтүлгөндүгүн жөнүндөгү малыматын депутаттар айылдык кеңештин сессиясында кеңири карап талкуулап чыгып, айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Айыл аймагынын Мөнөк айылынын жашоочусу Акунбеков Элдиярга тиешелүү болгон Ачы участкасындагы №1847 контурунда жайгашкан 017 га кой короонун ээлеген жер аянтын сатууга макулдук берилсин.
2. Жер кодексинин негизинде реформа жүрүп мүлк үлүшүнө тийген короолор таркатылып кетип, атайын иш кагаздары документтештирилбей калган. Бул короонун жер аянтын атайын түзүлгөн комиссиянын курамы менен текшерип, мулк ээлеринин тиешелүү жер салыктарын төлөнүшүн тактап, анан бардык төлөнбөй калган салыктарын коз карандысыз баалоочулар тарабынан белгиленүүчү акыларды мыйзам чегинде тактап өндүрүлгөндөн кийин, иш кагаздарын даярдап беруу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай маселелери жана жаратылышты коргоо боюнча айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы | З.Г.Нурдинов |