КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XXII-сессиясы
2023-жылдын 28-июлундагы № 8
Кара-Суу райондук мамлекеттик админстрациясынын 11.07.2023-жыл № 04/1180 сандуу чыгыш каты жөнүндө
Кашкар-Кыштак айылдык кеңештин депутаттары, Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси М.Ахмаджанованын Кара-Суу райондук мамлекеттик админстрациясынын 2023-жылдын 11.07. № 04/1180 сандуу чыгыш катындагы Кара-Суу райондук күзөт бөлүмүнүн 2023-жылдын 16.06. № 193 сандуу катынын негизинде айыл аймагындагы орто билим берүү жана мектепке чейинки мекемелердин коопсуздугун жана коомдук тартипти сактоо боюнча №83 А.Наваи жана №51 Ю.Гагарин атындагы орто мектептерине “АЙГАЙ” сыгналын орнотуу боюнча сунуш каты менен тааныштыргандан кийин айылдык кеңештин сессиясында кеңири карап талкуулап чыгып, айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Айыл өкмөтүнүн 2023 – жылга жергиликтүү бюджетин бекитилип бүтүп, бүгүнкү күндө акча каражат тартыш болуп жаткандыгына байлаништуу “АЙГАЙ” сыгналын орнотуу маселеси 2024-жылдын жергиликтүү бюджетине карап киргизүүгө макулдук берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджетине мыйзам чегинде ошол сунушту киргизүү жагы айыл өкмөткө тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы айылдык кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы | З.Г.Нурдинов |