Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылы 9-октябры №83
Жыйындарды өткөрүү үчүн аймакты бөлүктөргө бөлүү жана катышуучулардын санын бекитүү жөнүндө
“Элдик Курултай жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы №270 Жарлыгынын, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 мыйзамынын 34- жана 39- беренесинин негизинде Самаркандек айылдык кеңеши
токтом кылат:
1. Жергиликтүү коомдоштуктардын (жамаат) өкүлчүлүктүү жыйынынын катышуучуларын көрсөтүү үчүн калктын санына жараша жыйындар айыл-айылдарда өтүп, төмөнкүдөй тартипте катышуучулардын санын аныктоо бекитилсин:
– Самаркандек айылынан ( калктын саны 4716) - 28 катышуучу;
– Орто-Сай калктуу массивинен ( ... 3306) - 20 катышуучу;
– Паскы-Арык айылынан (... 2560) - 15 катышуучу;
– Жаңы-Бак айылына (... 2857) - 17 катышуучу
болуп бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жана Самаркандек айыл өкмөтүнүн орун басары-жооптуу катчысы Ж.Полотовго тапшырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Орозовго милдеттендирилсин.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
5. Кабыл алынган ушул токтом samarkandek.gov.kg сайтында жарыялансын.
Төрага: | Ш.Гапаров |