КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XXII-сессиясы
2023-жылдын 28-июлундагы № 12
“АРИС” программасы аркылуу тоют базасын өнүктүрүү максатында техникаларды сатып алуу боюнча айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын 2024-жылга түзүлгөн иш планына киргизүү жөнүндө
Кашкар-Кыштак айылдык кеңештин депутаттары, Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн адиси Кадиров Абдумаликтин күн тартибине коюлган маселесин айылдык кеңештин сессиясында кеңири карап талкуулап чыгып, айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. “АРИС” программасы аркылуу айыл аймакта тоют базасын өнүктүрүү максатында техникаларды сатып алуу боюнча айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын 2024-жылга түзүлгөн иш планына киргизүүгө макулдук берилсин.
2. “АРИС” программасы аркылуу тоют базасын өнүктүрүү максатында иш кагаздарын даярдап , иш чара планга киргизүү жагы айыл өкмөткө тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, соода ,базар жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы |
З.Г.Нурдинов |