Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылы 9-октябры №85
Жыйындарды өткөрүүнү координациялоо үчүн жумушчу топтун курамын бекитүү жөнундө
“Элдик Курултай жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы №270 Жарлыгынын, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 мыйзамынын 34- жана 39- беренесинин негизинде Самаркандек айылдык кеңеши токтом кылат:
– Полотов Ж. -Самаркандек айыл өкмөтүнун башчысынын орун басары, жумушчу топтун төрагасы
– Газыбек у. А. - айылдык кеңештин төрагасынын орун басары;
– Масалиева К. -айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысы;
– Абдрахманов Г.- аксакалдар Кеңешинин төрагасы
– Тагаев Ш. – аксакалдар сотунун төрагасы
– Мамаярова С. – аялдар кеңешинин төрайымы
– Айбашов А. – Паскы-Арык айылынын айыл башчысы;
– Боронов Х. - Жаңы-Бак айылынын айыл башчысы;
– Орозов Н. – айылдык кеңештин жооптуу катчысы.
2. Жумушчу топтун ишине айылдык кенештин төрагасы Ш.Гапаров башчылык кылат.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жана Самаркандек айыл өкмөтүнүн орун басары – жооптуу катчысы Ж.Полотовго тапшырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Орозовго милдеттендирилсин.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
6. Кабыл алынган ушул токтом samarkandek.gov.kg сайтында жарыялансын.
Төрага: | Ш.Гапаров |