Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылы 9-октябры №86
Самаркандек айыл өкмөтүнүн 2025-2027-жылдарга түзулгөн социалдык- экономикалык өнүгүү Программасына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 мыйзамынын 34- жана 39-беренесинин негизинде Самаркандек айылдык кеңеши Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ж.Полотовдун билдирүусун угуп талкуулап чыгып токтом кылат:
– Туризмди өнүктүрүү максатында айыл өкмөтүнүн аймагында муниципалдык туристтик хостинг (мейманкана) жана килемкана куруу (АРИС тин долбооруна конкурска катышуу менен турмушка ашыруу) ;
– Самаркандек айылынын Базар, К.Шадыбеков, М.Салихов, Т.Каразаков, И.Раззаков, Совет жана Базар-Башы көчөлөрүнө асфальт төшөө;
– Жаңы-Бак айылынын Ынтымак жана Тыт плантациясы көчөсүнө асфальт төшөө;
– Самаркандек айылынын Жибек Жолу көчөсүнө муниципалдык СТО жана кафе куруу (АРИС тин долбооруна конкурска катышуу менен турмушка ашыруу);
– Айылдарда жеке менчик бала бакчаларды ачуу жана долбоорлорго киргизүү менен колдоо.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жана Самаркандек айыл өкмөтүнүн орун басары – жооптуу катчысы Ж.Полотовго тапшырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Орозовго милдеттендирилсин.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
5. Кабыл алынган ушул токтом samarkandek.gov.kg сайтында жарыялансын.
Төрага: | Ш.Гапаров |