Загрузка документа…
| Тиркеме
Кыргыз Республикасынын энергетика министрлигинин 2025-ж. “20”-10
№ 63-4 |
Электр энергияны 0,4-6-10-20-35-110-220-500 кВ электр тармактары
аркылуу берүүдө, бөлүштүрүүдө жана алууда-сатуудагы учурундагы
технологиялык жоготууларды негиздөө жана эсептөө боюнча нускама
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул нускама электр энергиясынын технологиялык жоготууларынын чендөөлөрүн эсептөө жана негиздөө жана аларды электр тармактар ишканаларынын электр тармактарында (ЭТИ) азайтуу боюнча иштерди уюштуруу максатында иштелип чыккан.
2. Бул нускамалар 0,4-10-20-35-110-220-500 кВ электр тармактарында жөнгө салуу эсептик мезгили электр энергиясынын ченемдик технологиялык жоготууларын эсептөө жана негиздөө иштерин жүргүзгөн кызматкерлерге арналган.
Электр энергиясын жөнгө салынуучу мезгил ичинде электр тармактары аркылуу берүүдө учурундагы технологиялык жоготуулар жалпы жонунан да, чыңалуу деңгээлдери боюнча да бөлүнүп да эсептелет:
- жогорку чыңалууда – 110 кВ жана андан жогору (ЖЧ);
- орточо биринчи чыңалууда – 35 кВ (ОЧ1);
- орточо экинчи чыңалууда – 6-10 кВ (ОЧ2);
- төмөн чыңалууда – 0,4 кВ жана андан төмөн (ТЧ).
3. Электр тармактары боюнча электр энергиясын берүүдө, бөлүштүрүүдө жана сатып алууда-сатууда анын технологиялык жоготууларын эсептөө 0,4-6-10-20-35-110-220-500 кВ атайын компьютердик программаларды колдонуу мүмкүн болот.
2-глава. Электр тармактары боюнча электр энергиясын берүүдө технологиялык жоготуулардын түзүмү
4. Электр энергиясын электр тармактары боюнча берүүдө технологиялык жоготуулар (мындан ары – ТЖ) электр энергиясын берүүдө чубалгылардын жана жабдуулардын техникалык мүнөздөмөлөрүнө жана иштөө тартибине ылайык болгон физикалык процесстер менен шартталган электр тармактарынын чубалгыларындагы жана жабдууларындагы техникалык жоготууларды көмөкчордондордун өздүк муктаждыктарына электр энергиясын сарптоону жана электр энергиясын эсепке алуу тутумунунда жол берилген кемчиликтери менен шартталган жоготууларды өзүнө камтыйт.
Электр тарамдары боюнча электр энергиясын берүүдө электр энергиясынын технологиялык жоготууларынын чендөөлөрүн аныктоо максатында электр энергиясынын технологиялык жоготууларынын көлөмү (саны) базалык мезгилде электр тарамдары боюнча аны берүүдө электр энергиясынын технологиялык жоготууларын эсептөөнүн ыкмасына ылайык эсептелет (ушул Нускаманын 1-тиркемеси).
5. Электр энергиясын электр тармактары аркылуу берүүдө боюнча пайда болгон техникалык жоготуулар шарттуу-туруктуу жоготуулар жана жүктөмдүк жоготуулар болуп экиге бөлүнөт. Шарттуу-туруктуу жоготуулар - бул жүктүн (берилген кубаттуулуктун) көлөмүнө көз каранды эмес жоготуулар, ал эми жүктөмдүк жоготуулар – берилген кубаттуулуктун көлөмүнө жараша өзгөрүп туруучу жоготуулар болуп эсептелет.
6. Эсепке алуу тутумунун жол берилген каталары менен шартталган жоготуулар ушул Нускаманын 1-тиркемесине ылайык аныкталат.
7. Электр энергиясынын өздүк керектөөлөрүнө сарпталышы эсептөө алеттерине ылайык аныкталат. Электр энергиясын өз керектөөлөрүнө чыгымдоо элементтеринин номенклатурасы ушул Нускаманын 2-тиркемесинде келтирилген.
3-глава. Электр тармактары боюнча электр энергиясын берүүдө технологиялык жоготууларды ченемдөөнүн жалпы принциптери
8. Электр тармактары боюнча электр энергиясын берүүдө технологиялык жоготуулар негизги (эсептөө жылынан мурунку отчеттук жылы) жана жөнгө салынуучу мезгилдерге (жылга) электр энергиясынын балансынын иш жүзүндөгү жана болжолдуу көрсөткүчтөрү боюнча эсептелет.
9. Жөнгө салынуучу мезгилге электр тармактары боюнча берүүдө электр энергиясынын технологиялык жоготуусу негизги мезгил үчүн ТЖнун эсептик маанисине жана негизги жана жөнгө салынуучу мезгил үчүн электр энергиясынын балансынын көрсөткүчтөрүнө жараша аныкталат.
10. Электр тармактарынын ишканаларынын электр тармактары боюнча электр энергиясын берүүдө технологиялык жоготуулар түзүүчүлөрү боюнча өз-өзүнчө эсептелет: шарттуу-туруктуу, жүктөлүштүн жана жоготуу, эсепке алуу тутумунун жол берилген каталыктары менен шартталган жоготуулар.
11. Жөнгө салынуучу мезгилге электр энергиясынын шарттуу туруктуу жоготуулары негизги мезгил үчүн алардын эсептөөлөрүнүн жыйынтыгы боюнча кабыл алынат жана жөнгө салынуучу мезгилге жабдуулардын курамынын өзгөрүшүнө ылайык оңдолот.
12. Жөнгө салынуучу мезгилге энергия компаниясынын (ЭК) электр тармактары боюнча берүүдө электр энергиясынын жүктөлүш жоготуулары төмөнкү формула боюнча аныкталат:
∆Wн.Р = ∆Wн. Б ∙ , (1)
бул жерде ∆Wн Б, ∆Wн.Р -тиешелүү түрдө негизги жана жөнгө салынуучу мезгил үчүн электр энергиясынын жүктөлүш жоготуулары;
, , - электр энергиясынын тармакка тийиштүүлүгүнө жараша негизги жана жөнгө салынуучу мезгилдерде келип түшүүсү.
13. Негизги мезгилдин жүктөлүш жоготууларын эсептөөдө эсепке алынбаган жөнгө салынуучу мезгилде тармактык жабдууларды тейлөөгө кабыл алынган учурда мындай жабдууларда электр энергиясынын жүктөлүш жоготуулары жөнгө салынуучу мезгилге кошумча эсептелет. Негизги мезгилдин жүктөлүш жоготууларын эсептөөдө эске алынган жөнгө салынуучу мезгилде тармактык жабдууларды бузуу учурунда, жөнгө салынуучу мезгилдеги мындай жабдуулардагы жүктөлүш жоготуулары эсептөөлөрдөн алынып салынат.
14. Жөнгө салынуучу мезгилге электр энергиясын эсепке алуу тутумунун жол берилген каталары менен шартталган электр энергиясынын жоготуусу төмөнкү формула боюнча аныкталат:
∆ Wпогр.Р = , (2)
бул жерде ∆Wпогр.Б, % - салыштырмалуу бирдиктерде негизги мезгилде электр энергиясын эсептөө тутумунун жол берилген каталары менен шартталган электр энергиясынын жоготуусу (эсептөө ыкмасы ушул Нускаманын 1-тиркемесинде келтирилген).
15. Электр тармактарынын ЭК ишканалары аркылуу электр энергиясын берүүдө пайда болгон технологиялык жоготуулар жөнгө салынуучу мезгил үчүн абсолюттук мааниси ((∆WТПЭ.Р) боюнча төмөнкүдөй аныкталат:
∆WТПЭ.Р = ∆ Wу-п.Р + ∆ Wн.Р + ∆ Wпогр.Р , (3)
бул жерде ∆ Wу-п.Р - жөнгө салынуучу мезгилде электр энергиясынын шарттуу- туруктуу жоготуулары.
16. Электр тармактары боюнча электр энергиясын берүүдө техникалык жоготуулардын ченеми (мындан ары – ТЖЧ) жалпы РЭТтин электр тармагы боюнча пайыз менен аныкталат жана төмөнкү формула боюнча эсептелет:
, (4)
бул жерде WOC.P.- жөнгө салынуучу мезгилде ЭК тармагына электр энергиясынын келиши.
17. Электр тармактарындагы электр энергиясынын техникалык жоготууларын жалпы жана чыңалуу деңгээли боюнча аныктоо төмөнкүдөй тартипте ишке ашырылат:
Негизги мезгилде:
- тармактын чыңалуусунун ар бир деңгээлинде тармакка электр энергиясынын келиши аныкталат (чектеш чыңалуу тармагынан электр энергиясын кабыл алууну эске алуу менен);
- электр энергиясынын шарттуу -туруктуу жоготуулары жалпысынан жана чыңалуу деңгээли менен аныкталат;
- электр энергиясынын жүктөлүш жоготуулары жалпысынан жана чыңалуу деңгээли менен аныкталат;
- жалпысынан жана чыңалуунун деңгээли боюнча электр энергиясын эсепке алуу тутумунун жол берилген каталары менен шартталган электр энергиясынын жоготуусу аныкталат.
Жөндөөчү мезгилде:
- тармактын чыңалуусунун ар бир деңгээлинде тармакка электр энергиясынын киришинин болжолдуу мааниси аныкталат (чектеш чыңалуу тармагынан электр энергиясын кабыл алууну эске алуу менен);
- чыңалуу деңгээли боюнча электр энергиясынын жүктөлүш жоготуулары (1)формуласына ылайык аныкталат;
- электр энергиясынын жүктөлүш жоготуулары жалпысынан чыңалуу деңгээли боюнча электр энергиясынын жүктөлүш жоготууларынын суммасы катары аныкталат;
- электр энергиясынын шарттуу - туруктуу жоготуулары 10-пунктка ылайык жана чыңалуунун деңгээли боюнча кабыл алынат;
- электр энергиясын эсептөө тутумунун жол берилген каталары менен шартталган электр энергиясынын жоготуусу (2) формуласына ылайык аныкталат жана 1-тиркеменин IV бөлүмүнө ылайык чыңалуу деңгээли боюнча бөлүштүрүлөт;
- электр энергиясынын технологиялык жоготуулары жалпы формулага (3) жана чыңалуу деңгээлине ылайык аныкталат.
4-глава. Негиздөөчү иш кагаздарды тариздөөгө жана курамына талаптар
18. Негиздөөчү иш кагаздар өзүнчө китеп кылып топтолот жана төмөнкүлөрдү камтыйт: жөнгө салуу мезгилинде электр энергиясынын техникалык жоготууларынын ченемдеринин маанилерин негиздөө менен түшүндүрмө кат, жөнгө салынуучу жана негизги мезгилдерге ТЖ жана ТЖЧ эсептөөнүн натыйжалары.
19. Негиздөөчү материалдардын курамына электр энергиясынын баланстары жана жоготуулары, ошондой эле ЭК электр тармактарынын башка көрсөткүчтөрү жөнүндө маалыматтар кирет (ушул Нускаманын 3, 4, 5-тиркемелери):
Негизги мезгил үчүн:
- электр тармактары боюнча жалпы электр энергиясынын балансынын көрсөткүчтөрү (1-тиркеме 3, 4, 5-тизмеги);
- чыңалуу деңгээлдери боюнча электрэнергиясынын балансынын түзүмү (2-тиркеме тизмеги 3, 4, 5);
- электрэнергиянын агымынын түзүмү (3-тиркеме 3, 4, 5-таблицалар);
- электр энергиясынын технологиялык жоготууларынын түзүмү (4-тиркеме тизмеги 3, 4, 5);
- жоготууларды азайтуу программасы (5-таблица тиркемелер 3, 4, 5);
- чыңалуу деңгээлдери боюнча жыйынтык электр энергиясынын балансы (6-тиркеме тизмеги 3, 4, 5);
- трансформаторлордун саны жана орнотулган кубаттуулугу (7-тиркеме 3, 4, 5-таблицалар);
- реактивдүү кубаттуулукту компенсациялоочу түзүлүштөрдүн саны жана кубаттуулугу (8-тиркеме 3, 4, 5-таблицалар);
- электр берүүнүн аба жана кабелдик чубалгыларынын жана өтмөк зымдардын узундугу (чынжыр боюнча) (9-тиркемедеги 3, 4, 5-таблицалар).
Жөнгө салынуучу мезгил үчүн:
- электр тармактары боюнча жалпы электр энергиясынын балансынын көрсөткүчтөрү (1-тиркеме 3, 4, 5-таблицалар);
- чыңалуу деңгээлдери боюнча электр балансынын түзүмү (2а-таблица 3, 4, 5 тиркемелер);
- электр энергиясынын технологиялык жоготууларынын түзүмү (4а-таблица 3, 4, 5-тиркемелер);
- жоготууларды азайтуу программасы (5-таблица тиркемелер 3, 4, 5);
- чыңалуу деңгээлдери боюнча жыйынтык электр энергиясынын балансы (6-тиркеме 3, 4, 5-таблицалар);
- трансформаторлордун саны жана орнотулган кубаттуулугу (7-тиркеме 3, 4, 5-таблицалар);
- реактивдүү кубаттуулукту компенсациялоочу түзүлүштөрдүн саны жана кубаттуулугу (8-тиркеме 3, 4, 5-таблицалар);
- электр берүүнүн аба жана кабелдик чубалгыларынын жана өтмөк зымдарынын узундугу (чынжыр боюнча) (9-тиркемедеги 3, 4, 5-таблицалар).
20. Жоготууларды эсептөө боюнча программалык комплекстер ушул Нускамада белгиленген жоготууларды эсептөө ыкмаларында негизделет жана шайкештик сертификатына ээ болот.
21. Түшүндүрмө катта электр тармактарындагы электр энергиясынын технологиялык жоготууларын эсептөөнүн пайдаланылуучу программалары жөнүндө маалыматтар (программанын аталышы, иштеп чыгуучунун аталышы, колдонулуп жаткан түрүнүн катарсаны жана иштелип чыккан жылы, шайкештик сертификатынын көчүрмөсү ж.б.) көрсөтүлөт.
| 1-тиркеме Электр тармактары боюнча электр энергиясын берүүдө техникалык жоготуулардын ченемдерин эсептөө жана негиздөө боюнча нускамага |
§ 1. Электр энергиясын электр тармактары аркылуу берүү учурундагы технологиялык жоготууларды негизги мезгилде эсептөө ыкмасы
1. Шарттуу- туруктуу жоготууларды эсептөө ыкмалары (жүктөлүшкө көз каранды эмес)
1) Шарттуу- туруктуу жоготууларга төмөнкүлөр кирет:
- күч трансформаторлорунун (автотрансформаторлордун) курулай иштөөдөгү жоготуулары;
- 110 кВ жана андан жогору аба чубалгыларындагы (мындан ары – АЧ) таажылануудагы жоготуулар;
- синхрондуу компенсаторлордо, статикалык конденсаторлордун батареяларында, статикалык тиристордук компенсаторлордо,сагактоочу реакторлордо (мындан ары – СР) жоготуулар;
- көмөкчордондордун бөлүштүрүүчү түзүлүштөрүнүн бириктирүүчү зымдарындагы жана чогултма өтмөктөгү жоготуулар(мындан ары (КЧТЗЖ) ;
- электр энергиясын эсептөө тутумунда (агын трансформаторлорунда (мындан ары – АТ), чыңалуу трансформаторлорунда (мындан ары – ЧТ), эсептегичтерде жана туташтыруучу зымдарда)жоготуулар;
- сарпжапкычтуу дүрмөтсүздөндүргүч, ашыкча чыңалууну чектегичтерде жоготуулар;
- жогорку жыштыктагы байланышты кошуу түзүлүштөрүндөгү (мындан ары - байланыш ЖЖ) жоготуулар;
- кабелдерди каптамалоодогу жоготуулар;
- АЧ зым чынылары боюнча агымдардын жоготуулары;
- көмөкчордондордун (мындан ары-ӨК)өздүк муктаждыктарына электр энергиясын сарптоо;
- муз эритүү үчүн электр энергиясын керектөө.
2) Күч трансформаторунда (автотрансформатордо) курулай иштеген электр энергиясынын жоготуусу (мындан ары – КИ) ΔPх курулай иштеген кубаттуулугунун жоготуусу жабдуунун күбөнаамалык маалыматтарында келтирилген жоготуунун негизинде төмөнкү формула менен аныкталат:
, кВт.ч, (1)
бул жерде Трi - трансформатордун (автотрансформатордун) i--м иш тартибинде иштеген сааттарынын саны, с;
Ui - трансформатордун (автотрансформатордун) жогорку тарабындагы i-м иш тартибиндеги чыңалуу, кВ;
Uчен - трансформатордун (автотрансформатордун) жогорку оромунун ченемдик чоңдугунун чыңалуусу, кВ.
Трансформатордогу (автотрансформатордогу) чыңалуу электротехниканын мыйзамдарына ылайык өлчөөлөрдүн жардамы менен же тармактын белгиленген иш тартибин эсептөө менен аныкталат.
Күч трансформаторлору (автотрансформаторлор) үчүн трансформаторлордун (автотрансформаторлордун) күбөнаамалык маалыматтарын белгилөөдө даярдоочу заводдордо колдонулуучу ыкмалар менен бул жоготууларды өлчөө жолу менен алардын техникалык абалын жана иштөө мөөнөтүн эске алуу менен курулай иштөөдөгү( КИ) кубаттуулугунун жоготууларын аныктоого жол берилет. Мында негиздөөчү материалдарга белгиленген тартипте расмий күбөлөндүрүлгөн КИ кубаттуулугунун жоготууларын өлчөө протоколдорун киргизүү максатка ылайыктуу.
Сагактоочу реактордогу (СР) электр энергиясынын жоготуусу жабдуунун күбөнаамалык маалыматтарында берилген ΔPр кубаттуулугунун жоготуусунун негизинде (1) формула боюнча аныкталат. 1-таблицанын маалыматтарынын негизинде СРдогу жоготууларды аныктоого жол берилет. Көмөкчордондордун бөлүштүрүүчү түзүлүштөрүнүн чогултуучу өтмөктөрүндөгү электр энергиясынын жоготуулары 1-таблицанын маалыматтарынын негизинде аныкталат.
1-таблица
Сагактоо реакторлорундагы (СР) электр энергиясынын жоготуусу жана
кошулуучу зымдарда жана чогултуучу өтмөктөрдө көмөкчордондордун
бөлүштүрүүчү түзүлүштөрүндө (КЧТЗЖ)
Жабдуунуун түрү | Чыңалуудагы электр энергиясынын салыштырма жоготуулары, кВ | ||||||
6 | 10 |
| 35 | 110 | 220 | 500 | |
СР,миң.кВт.с/ МВ.А жылына | 84 | 84 |
| 36 | 32 | 29 | 20 |
КЧТЗЖ,миң.кВт.с КЧ жылына | 1,3 | 1,3 |
| 3 | 11 | 31 | 41,5 |
Эскертүү- Таблицада келтирилген жоготуу маанилери 365 күндүн саны менен жылга туура келет. Секирик жылы жоготууларды эсептөөдө к= 366/365 коэффициенти колдонулат. | |||||||
ТП 6-10/0,4 кВ бөлүштүрүүчү түзүлмөлөрдүн бириктирүүчү зымдарында жана чогултма өтмөктөрүндө электр энергиясынын жоготуусу эсептелбейт.
Эгерде электр энергиясынын ченемдик технологиялык жоготууларын аныктоодо көмөкчордондордун өтмөкзымдарында электр энергиясынын жоготуулары эсептелсе, бөлүштүрүүчү түзүлүштөрдүн туташтыруучу зымдарында жана чогултулуучу өтмөктөрүндө электр энергиясынын жоготуулары эсептелбейт.
4) Синхрондуу компенсатордо (мындан ары - СК) же СК иш тарибине которулган генератордо электр энергиясынын жоготуулары төмөнкү формула боюнча аныкталат:
, кВт.ч, (2)
бул жерде βQ - базалык мезгилдеги СКнын максималдуу жүктөө коэффициенти;
ΔPчен - күбөнаамалык маалыматтарга ылайык СК чектелген чоңдукта жүктөө иш тартибинде кубаттуулукту жоготуу, кВт.
2-таблицанын маалыматтарынын негизинде СКдагы жоготууларды аныктоого жол берилет.
2-таблица
Синхрондуу компенсаторлордо электр энергиясынын жоготуулары
Жабдуулардын түрү | Электр энергиясынын жоготуусу, миң кВт.с жылына , СК кубаттуулуктун чектелген чоңдугунда, МВА | ||||||||
5 | 7,5 | 10 | 15 | 30 | 50 | 100 | 160 | 320 | |
СК | 400 | 540 | 675 | 970 | 1570 | 2160 | 3645 | 4725 | 10260 |
Эскертүү: 1. Таблицада көрсөтүлгөндөн айырмаланган СК кубаттуулугунда электр энергиясынын жоготуулары сызыктуу интерполяция менен аныкталат. 2. Таблицада келтирилген жоготуу маанилери 365 күндүн саны менен жылга туура келет. Секирик жылы жоготууларды эсептөөдө = 366/365 коэффициенти колдонулат. | |||||||||