Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас шаардык кеңешинин Х чакырылышынын
кезектеги XVII сессиясы
2025-жылдын 8-октябры №2
«Жалал-Абад областык өнүктүрүү фондунан Манас шаарынын Т.Тайгараев атындагы муниципалдык аймактык башкармалыгындагы Кызыл-Суу-2 айылындагы Жаңгак зар аймагына сквер куруу долбоорго макулдук берүү жана үлүштүк каржылоосун бөлүп берүү жөнүндө»
Манас шаарынын мэриясынын 30.09.2025-жылдагы чыг. №01-18/6001-сандуу катты Манас шаардык депутаттар кенешинин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясында каралып, комиссиянын корутундусунун негизинде, Манас шаардык депутаттар кенешинин кезектеги ХVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад областык өнүктүрүү фондунан «Манас шаарынын Т.Тайгараев атындагы муниципалдык аймактык башкармалыгындагы Кызыл-Суу-2 айылындагы Жаңгак зар аймагына сквер куруу» долбоорунун сметалык баасы 17 000 000 (он жети миллион) сом түзгөн долбоорго макулдук берилсин.
2. Жалал-Абад областык өнүктүрүү фондунан Манас шаарынын мэриясына сметалык баасы 17 000 000 (он жети миллион) сом түзгөн «Манас шаарынын Т.Тайгараев атындагы муниципалдык аймактык башкармалыгындагы Кызыл-Суу-2 айылындагы Жаңгак зар аймагына сквер куруу» долбоордун жалпы суммасынан 10% тактап айтканда 1 700 000 (бир миллион жети жүз миң) сом акча каражатын Манас шаарынын бюджетинен үлүштүк каржылоого каралган акча каражатынан бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Манас шаарынын мэриясына (Э.Ормоков) жогорудагы долбоорду ишке ашыруу боюнча мыйзамдын талаптарын сактоо менен иш жүргүзүү жагы жүктөлсүн.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүүгө киргизүү жагы шаардык кенештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын шаардык кенештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
6. Ушул токтом Манас шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирсин.
Төрага |
Болотов Н.Б. |