КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XXII-сессиясы
2023-жылдын 28-июлундагы № 16
Кашкар-Кыштак айыл аймагынын Вахим деп аталган жаңы конуштагы бош көчөсүнүн бирине эмгектин ардегери маркум Ахмедов Авазбектин ысмын ыйгаруу жөнүндө
Айылдык кеңештин депутаттары, Кашкар-Кыштак айылынын Вахим жаңы конушунун 2023- жылдын 08-июнь күнү өткөрүлгөн элдик жыйындын негизинде жаңы конуштун бош көчөлөрүнүн бирине эмгектин ардегери маркум Ахмедов Авазбектин ысмын ыйгаруу жөнүндөгү протоколун карап жана талкуулап чыгып, аталган протоколдун негизинде Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамынын 3-беренесинин, 2- бөлүмүнүн 1 - пункутунун, “Кыргыз Республикасында географиялык аталыштар жөнүндөгү” мыйзамынын -беренесинин “Кыргыз Республикасында географиялык аталыштарда эсепке алуу жана каттоо, географиялык обьектерди оңдоо, атайын өзгөртүүнүн тартиби жөнүндөгү” Жобонун 6-бөлүмүнүн 4-абзацына ылайык айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Кашкар-Кыштак айылынын Вахим деп аталган жаңы конуштун 08-июнь 2023 -жылдагы элдик жыйынынын протоколу бекитилсин жана Кашкар-Кыштак айылынын жаңы конуштун бош көчөсүнүн бирине эмгектин ардегери маркум Ахмедов Авазбектин ысмы ыйгарылсын.
2. Ахмедов Авазбек атындагы көчөнүн чек аралары, Вахим жаңы конушунун чыгыш жагынан сол жак бети ылдыйынан Ахмедова Гулчехранын үйүнөн, жогору жагы Умарова Кенжехондын үйүнө чейин, оң жак бети батышынан ылдый жагы Султанов Махамадбобурдун үйүнөн жогору жагы Холмирзаев Абиджандын үйүнөн аяктайт.
3. Көчөгө баруучу жерден баш жагына жана аяк жагына “Ахмедов Авазбек атындагы көчөсү” деген белги, катар үй номерлерин илүү жана көчөнү иретке келтирүү, социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө көмөк көрсөтүү жагы Ахмедовдордун үй-бүлө мүчөлөрүнө тапшырылсын.
4. Токтомдун бир нускасы арыз ээсине берилсин.
5. Кара-Суу райондук мамлекеттик “Кадастр“ ишканасынан башкы планга киргизип каттоо жагы суралсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай маселелери жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы |
З.Г.Нурдинов |