Загрузка документа…
АЛТЫН-БЕШИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Алтын-Бешик айылдык кеңештин VIII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
2025-жылдын 7-октябры № 64
“Таян Тазалык” муниципалдык ишканасын түзүүгө макулдук берүү жөнүндө .
Кыргыз Республикасынын президентинин 2023-жылдын 29- декабрындагы №370 жарлыгынын негизинде Кыргыз Республикасынын айыл ацмактарынын жана шаарларынын деңгээлинде административдик- аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө жарлыгынын негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюуштуруу максатында Алтын-Бешик айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХIII сессиясы токтом кылат:
1.Мурдагы Кыштут айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Таян Тазалык Техникалык Тейлөө” муниципалдык ишканасы Таян Таза Суу, Селик Таза Суу, Гороту Таза Суу,Коомдук суу пайдалануучулар бирикмеси жана Жайыт пайдалануучулар бирикмесин бириктирүү жолу менен Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн алдында “Таян Тазалык” муниципалдык ишканасын түзүүгө макулдук берилсин.
2. Баткен облустук юстиция башкармалыгынан жана башка тиешелүү органдардан каттоодон өткөрүү жагы, Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн убактылуу милдетин аткаруучу А.Маматовко милдеттендирилсин.
3.Токтомдуу көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрайым | А. Матраимова |