Редакцияот 28.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XXII-сессиясы

 

2023-жылдын 28-июлундагы № 17

Кашкар-Кыштак айыл аймагынын Вахим деп аталган жаңы конуштагы бош көчөсүнүн бирине эмгектин ардегери маркум Абдуллаев Адылжандын ысмын ыйгаруу жөнүндө

Айылдык кеңештин депутаттары, Кашкар-Кыштак айылынын Вахим жаңы конушунун 2023-жылдын 08-июнь күнү өткөрүлгөн элдик жыйындын негизинде жаңы конуштун бош көчөлөрүнүн бирине эмгектин ардегери маркум Абдуллаев Адылжандын ысмын ыйгаруу жөнүндөгү протоколун карап жана талкуулап чыгып, аталган протоколдун негизинде Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамынын 31-беренесинин, 2- бөлүмүнүн 1 - пункутунун, “Кыргыз Республикасында географиялык аталыштар жөнүндөгү” мыйзамынын 7-беренесинин “Кыргыз Республикасында географиялык аталыштарда эсепке алуу жана каттоо, географиялык обьектерди оңдоо, атайын өзгөртүүнүн тартиби жөнүндөгү” Жобонун 6 - бөлүмүнүн 4-абзацына ылайык айылдык кеңештин сессиясы

 

ТОКТОМ    кылат:

 

1. Кашкар-Кыштак айылынын Вахим деп аталган жаңы конуштун 08-июнь 2023 -жылдагы элдик жыйынынын протоколу бекитилсин жана Кашкар-Кыштак айылынын жаңы конуштун бош көчөсүнүн бирине эмгектин ардегери маркум Абдуллаев Адылжандын ысмы ыйгарылсын.

 

2. Абдуллаев Адылжан атындагы көчөнүн чек аралары, Вахим жаңы конушунун чыгыш жагынан сол жак бети ылдый жагынан Сатвалдев Ибрахимжандын үйүнөн, жогору жагы Ганижанова Дилнозахондын үйүнө чейин, оң жак бети батыш жагынан ылдый жагы Арипов Илхомдын үйүнөн жогору жагы Тохтахунова Холидандын үйүнөн аяктайт.

 

3. Көчөгө баруучу жерден баш жагына жана аяк жагына “Абдуллаев Адылжан атындагы көчөсү” деген белги, катар үй номерлерин илүү жана көчөнү иретке келтирүү, социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө көмөк көрсөтүү жагы Абдуллаевдин үй-бүлө мүчөлөрүнө тапшырылсын.

 

4. Токтомдун бир нускасы арыз ээсине берилсин.

5. Кара-Суу райондук мамлекеттик “Кадастр“ ишканасынан башкы планга киргизип каттоо жагы суралсын.

 

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай маселелери жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Кашкар-Кыштак айылдык

кеңешинин төрагасы

 

З.Г.Нурдинов