Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 09-октябрыы № 15/55
Кызыл-Кыя шаардык кенешинин социалдык жана маданий тармактары боюнча кабыл алынган токтомдорунун аткарылышы жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине, шаардык кеңештин Социалдык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият, миграция, жумушсуздук, спорт жана туризм маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 24-сентябрындагы №7 протоколуна негиз жана Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Т.Алимбекованын 2025-жылдын 22-августундагы № 01-14/3099 катын эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Кызыл-Кыя шаардык кенешинин социалдык жана маданий тармактары боюнча кабыл алынган токтомдорунун аткарылышы жөнүндө Кызыл-Кыя шаарынын мэринин орун басары И.Бабаевдин маалыматы эске алынсын.
2. Кызыл-Кыя шаардык кенешинин социалдык жана маданий тармактары боюнча кабыл алынган токтомдорунун так жана өз убагында аткарылышын камсыздоо жагы шаардын мэри А. Бектуровго жүктөлсүн.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана Кызыл-Кыя шаардык кенешинин kyzyl-kiya.gov.kg сайтына жарыялансын.
4. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Социалдык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият, миграция, жумушсуздук, спорт жана туризм маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага: | Ж.Аматов |