Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 09-октябрыы № 15/56
Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмү, билим берүү мекемелеринин педогогикалык жамааттарынын 2024-2025- окуу жылына карата аткарылган иштери жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине жана шаардык кеңештин Социалдык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият, миграция, жумушсуздук, спорт жана туризм маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 24-сентябрындагы №7 протоколуна негиз, Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Д.Матосмонованын 2025-жылдын 21-августундагы № 01-6/192 катын эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып, жаштарга билим берүүдө инновациялык ыкмаларды пайдаланып, билим берүүнүн, окуу–тарбиялык иштердин сапатын жогорулатуу боюнча максаттуу иштерди алып баруу жагы;
- жаштарга билим берүүдө инновациялык ыкмаларды пайдаланып, билим берүүнүн, деңгээлин жогорулатуу жана жалпы республикалык тестирлөөгө окуучуларды даярдоодо максаттуу иштерди алып баруу жагы;
- мектеп окуучуларын окуу китептери менен толук камсыздоо иштерин колго алуу;
- билим берүү бөлүмүнө караштуу мектептердин, бала бакчалардын күз-кыш мезгилине даярдыгын камсыздоо жана аларды өз убагында көмүр менен камсыз кылуу;
- шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек өспүрүмдөр иштери боюнча инспекциясынын кызматкерлери менен биргеликте жашы жете элек балдардын жумушка тартылуусуна бөгөт коюу боюнча иштерди активдүү жүргүзүү, «мектеп рэкети» - жогорку класстардын окуучулары тарабынан төмөнкү класстардын окуучуларына көрсөтүлүүчү зомбулуктардын, окуучулардын топторунун мектептер арасындагы мушташуулардын жана башка тартип бузуулардын алдын алуу, кылмыштуулукка жол бербөө багытында профилактикалык иштерди жүргүзүү жагы;
- билим берүү мекемелеринин педагогикалык жамааттарынын мезгилге карап өнүгүүсүн камсыздоо жана билимин өркүндөтүү максатында мугалимдерди окуу курстарына жөнөтүү.
- жугуштуу инфекциялык оорулардын алдын алуу максатында мектептерде жана бала бакчаларда профилактикалык иштердин жүрүшүн камсыздоо;
- мектептерде жана бала бакчаларда балдарга берилип жаткан тамак-аштын сапатын, ашканалардын санитардык-гигиеналык абалын, тамак-аш продукталарынын сакталышын көзөмөлдөө жагы.
Тѳрага: | Ж.Аматов |