Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 09-октябрыы № 15/57
Кызыл-Кыя шаарында маданият жана спорт тармактары боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине жана шаардык кеңештин Социалдык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият, миграция, жумушсуздук, спорт жана туризм маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 24-сентябрындагы №7 протоколуна негиз, Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Т.Алимбекованын 2025-жылдын 22-августундагы №01-14/3099 катын жана Кызыл-Кыя шаардык дене тарбия жана спорт секторунун башчысы А.Таштемировдун 2025-жылдын 27-августундагы №01-08/59 каттарын эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- маданият тармагына караштуу мекемелердин 2025-2026 жж күз-кыш мезгилине даярдыгын камсыздоо жана аларды өз убагында көмүр менен камсыз кылуу;
- шаардагы клубдардын жана китепканалардын иштерин активдештирүү жана аларды интернет байланышы менен камсыз кылуу багытында иштерди жүргүзүү жагы;
- шаардын жергиликтүү бюджетинен маданият тармагын өнүктүрүүгө бөлүнгөн акча каражаттарын максаттуу пайдалануу менен маданият тармагында өткөрүлүүчү ар түрдүү областык жана республикалык кароо-сынактарга, иш чараларга катышууну камсыз кылуу жагы;
- жаштардын маданиятын туура калыптандыруу максатында тарбиялык жактан маанилүү иш-чараларды байма-бай өткөрүү жана аларды жергиликтүү ММКлар аркылуу чагылдыруу;
- шаардык музейдин экспонаттарынын сакталуусуна кам көрүү жана алардын санын көбөйтүү, китепканалардын фондун көбөйтүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү жагы.
- жаштар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу, улуттар аралык мамилелерди чыӊдоо максатында билим берүү бөлүмү менен биргеликте тренингдерди, тегерек столдорду уюштуруу жагы;
- жергиликтүү жана республикалык бюджеттен спорт тармагын өнүктүрүүгө бөлүнгөн акча каражаттарын максаттуу пайдалануу менен спорт тармагында өткөрүлүүчү ар түрдүү областык жана республикалык кароо-сынактарга, иш чараларга катышууну камсыз кылуу жагы;
- спорттук залдардын спорт каражаттары менен камсыз болуусуна жетишүү;
- жаш спортчулардын областык, республикалык жана эл аралык турнирлерге катышуусуна шыктандыруу максатында жаштарды спортко тартуу, түрдүү спорттук мелдештерди уюштуруп өткөрүү жана аларды сыйлыктарга көрсөтүү жагын колго алуу.
Тѳрага: | Ж.Аматов |