Редакцияот 28.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

  

КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XXII-сессиясы

 

2023-жылдын 28-июлундагы № 20

Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин депутаттарынын иш сапары жөнүндө

Кашкар-Кыштак айылдык кеңештин депутаттары, Кашкар-Кыштак айылдык кеңештин жооптуу катчысы М.Маматалиевдин айылдык кеңештин депутаттарынын өкүлдөрүнөн Бишкек шаарына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын сессиясына катышып, алардын туруктуу комитеттеринин иш кагаздары менен таанышып, тажрыйба алмашып келүү максатында сунуштары менен таныштырып, айылдык кеңештин сессиясында кеңири карап талкуулап чыгып, айылдык кеңештин сессиясы

 

ТОКТОМ    кылат:

 

1. Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин :

 

10 - мандаттуу №1 “Шарк хакыкаты“ шайлоо округунан депутат -Нурдинов Зиейидин Гуламидинович

 

9 - мандаттуу №2 “Гагарин” шайлоо округунан депутат -Жалалдинов Исамидин Сайфудинович

 

9 - мандаттуу №2 “ Гагарин“ шайлоо округунан депутат -Юсупов Фаррух Фахридинович

 

5 - мандаттуу №5 “Жарооз” шайлоо округунан депутат -Тойчубаев Темирбек Токтосунович

5 - мандаттуу №5 “Жарооз” шайлоо округунан депутат -Аматов Эшполот Камалович

 

4 - мандаттуу № 4 “Мөнөк“ шайлоо округунан депутат - Арыкбаев Акмал Акбаралиевич

 

3 - мандатуу № 3 “Кенжекул“ шайлоо округунан депутат -Тойчиев Рустам Жамалдинович.

5 – мандатуу № 5 “Жар ооз” шайлоо округунан депутат -Мамаджунусов Канибек Исаевич.

Жалпы сегиз депутаттар Бишкек шаарына К.Р. Жогорку Кеңешинин депутаттарынын сессиясына барып катышып, иш кагаздары менен таанышып келүү үчүн 3 (үч) күндүк иш сапарына барып келүүгө макулдук берилсин.

 

2. Депутаттардын иш сапарына барып келүү үчүн кеткен акча каражат чыгымдарын жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоо жагы Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы айылдык кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк жана мыйзамдуулук, укук тартипти чыңдоо, кеңештин иштери жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Кашкар-Кыштак айылдык

кеңешинин төрагасы

 

З.Г.Нурдинов