КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XXII-сессиясы
2023-жылдын 28-июлундагы № 21
Кашкар-Кыштак айыл аймагынын Бекжар айылына жаңыдан балдар бакчасын ачуу жөнүндө
Кашкар-Кыштак айылдык кеңештин депутаттары, Бекжар айылынын айыл башчысы Акимжан уулу Нуркыяз , айылда 947 калк жашап, анын ичинен 1 жаштан 6 жашка чейинки балдардын саны 161 ди түзүп тоо зонасында бир да бала бакча жок болуп, балдар бакчасында балдарды тарбиялап өстүрүү үчүн муктаждыктарын эске алып, айылда жаңыдан курулуп жаткан муниципиалдык менчиктеги типтүү имаратка жаңы 2023-2024 окуу жылына карата 2 тайпалуу 60 орундуу бала бакчаны ачууга уруксат сураган арызын депутаттар айылдык кеңештин сессиясында кеңири карап талкуулап чыгып, айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Бекжар айылындагы жаңыдан курулуп, бүтүп жаткан муниципиалдык менчиктеги типтүү имаратка жаңы 2023-2024 окуу жылына карата 2 тайпалуу, 60 орундуу бала бакчаны ачууга макулдук берилсин.
2. Балдар бакчасын ачууга тиешелүү болгон иш кагаздарын мыйзам чегинде даярдап берүү жагы Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Айыл өкмөтүнүн балдар бакчасын ачуу боюнча сунушун негизинде штаттык бирдикти чечип берүү жагы Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы социалдык маданий маселелер, маалымдуулук, жаштар жана аялдар саясаты, спорт, билим жана саламаттыкты сактоо комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы |
З.Г.Нурдинов |