Редакцияот 28.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

  

КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XXII-сессиясы

 

2023-жылдын 28-июлундагы № 22

Айылдык кеңештин алдында диний уюмдарды көзөмөлдө боюнча коомдук комитет түзүү жана бекитүү жөнүндө

Айылдык кеңештин депутаттары, айылдык кеңештин жооптуу катчысы М.Маматалиевдин азыркы убакыттагы кырдаалга жараша диний уюмдардын арекетин көзөмөлгө алып, алардын жер-жерлердеги кырдаалды курчутууга болгон экстремисттик-террористтик багыттагы терс иштерине бөгөт коюу үчүн кеңештин алдында коомдук комитет түзүү боюнча малыматын угуп жана кенири талкуулап чыгып айылдык кеңештин сессиясы

 

ТОКТОМ   кылат:

 

1. Диний уюмдардын иш-арекеттерин көзөмөлгө алуу боюнча айылдык кеңештин алдында төмөндөгүдөй курамда коомдук комитет түзүлсүн.

 

№

Ф.А.А

Ким болуп иштейт

1.

Юсупов Фаррух

Коомдук комитеттин төрагасы

2.

Уринбаев Хамражан

Аксакалдар кеңешинин төрагасы, комитеттин мүчөсү

3.

Хаитмухамедова Мамура

Аялдар кеңешинин төрайымы, комитеттин мүчөсү

4.

Ахраров Шухрат

КААБ унун мүчөсү, комитеттин мүчөсү

5.

Аматов Эшполот

Айылдык кеңештин депутаты

6.

Нурдинов Аширали

Кашкар-Кыштак айылынын имам хатиби, комитеттин мүчөсү.

7.

Абдукадыров Аскар

Участкалык инспектор,комитеттин мүчөсү.

8.

Абдылдаев Матазим

Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, комитеттин мүчөсү.

9.

Сатвалдиев Равшанбек

Айылдын тургуну,активист, комитеттин мүчөсү.

10.

Жолборсов Сыдыкжан

Айылдын тургуну, активист.

11.

Бардык айыл башчылар

Айыл башчылары.

 

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартипти чыңдоо, кеңештин иштери жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Кашкар-Кыштак айылдык

кеңешинин төрагасы

 

З.Г.Нурдинов