Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 09-октябрыы № 15/60
“Кызыл-Кыя жылуулук” муниципалдык ишканасынын 2025-2026-жж күзгү-кышкы жылуулук берүү мезгилине жылуу сууну берүүнү токтотуу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесине, шаардык кенештин Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 08-августундагы №11 протоколуна негиз жана “Кызыл-Кыя жылуулук” муниципалдык ишканасынын башчысы М.Адинаевдин 2025-жылдын 31-июлундагы № 01-06/21 катын эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кенешинин сессиясы токтом кылат:
1. “Кызыл-Кыя жылуулук” муниципалдык ишканасынын 2025-2026-жж күзгү-кышкы жылуулук берүү мезгилине калкка жылуу сууну берүүнү токтотууга макулдук берилбесин.
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана Кызыл-Кыя шаардык кенешинин kyzyl-kiya.gov.kg сайтына жарыялансын.
3. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жагы Кызыл-Кыя шаардык кенештин Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага: | Ж.Аматов |