Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 09-октябрыы № 15/62
Кызыл-Кыя шаарынын “М.Горький” көчөсүнүн атын өзгөртүп “Дильмурат Шамшиев” көчөсү деп атоо жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине, шаардык кеңештин Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын2025-жылдын 01-августундгы №13 протоколуна негиз, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамынын 7-беренесине ылайык жана М.Горький көчөсүнүн тургундарынын катын эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Кызыл-Кыя шаарынын “М.Горький” көчөсүнүн атын өзгөртүп, “Дильмурат Шамшиев атындагы көчө” деп атоого макулдук берилсин.
2. Жогорудагы көчөнү жашылдандырууга, жарыктандырууга, инфраструктурасын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү жагы көчөгө ысымы ыйгарылган инсандын туугандарына сунушталсын.
3. Токтомго ылайык тийиштүү иш-кагаздарын даярдоо, кабыл алынган токтомду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы “КАДАСТР” мамлекеттик мекемесинин Кызыл-Кыя шаарындагы филиалына, Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин Кызыл-Кыя шаардык “03-03” аймактар аралык бөлүмүнө каттоого жана аткарууга жөнөтүү, тургундарга маалыматты жеткирүү менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы Кызыл–Кыя шаарынын мэриясына тапшырылсын.
4. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана Кызыл-Кыя шаардык кенешинин kyzyl-kiya.gov.kg сайтына жарыялансын.
5. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кенештин Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия(диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага: | Ж.Аматов |