Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 09-октябрыы № 15/55
Жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынын өткөрүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине, шаардык кеңештин Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын2025-жылдын 2-октябрындагы №16 протоколуна негиз, “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы №270 Жарлыгына ылайык Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Кызыл–Кыя шаарынын жергиликтүү коомдоштуктарынын жыйыны 2025-жылдын 1-ноябры ишемби күнү саат 10 00 гө чакырылсын.
2. Коомдоштуктардын жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы бекитилсин ( тиркеме 1).
3. Коомдоштуктардын жыйынын өткөрүүнүн жобосун иштеп чыгуу жагы жумушчу топко жүктөлсүн.
4. Коомдоштуктардын жыйынынын делегаттарынын саны 150 киши болуп бекитилсин.
5. Коомдоштуктардын жыйынынын делегаттарын шайлоо боюнча участоктордун бөлүнүшү, чогулуштарды өткөрүүнүн графиги, чогулуштарды өткөрүүгө жооптуулар, участоктор боюнча делегаттардын саны бекитилсин (тиркеме 2).
6. Коомдоштуктардын жыйынынын күн тартибине төмөнкү маселелер сунушталсын:
1) Элдик Курултайга алып чыга турган маселени аныктоо.
2) 2025-жылдын 22-23-декабрында Бишкек шаарында өтө турган IV Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо.
7. Коомдоштуктардын жыйыны мэриянын имаратынын чоң залында өткөрүлсүн.
8. Коомдоштуктардын жыйынынын уюштуруу иштерин жүргүзүү жана техникалык жактан камсыздоо жумушчу топко жана мэрияга жүктөлсүн.
9. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана Кызыл-Кыя шаардык кенешинин kyzyl-kiya.gov.kg сайтына жарыялансын.
10. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
11. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысы У.Дариповага жүктөлсүн.
Тѳрага: | Ж.Аматов |
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин 2025-жылдын 09-октябрындагы
№ 15/63 токтомуна
тиркеме 1
Кызыл-Кыя шаарынын коомдоштуктарынын жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы