КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз XXIII-сессиясы
2023-жылдын 15-сентябрындагы № 1
Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине 2023-жылда пландан ашыкча түшкөн 1,500 (бир миллион беш жүз миң) сом акча каражатты 70629 турак жай жана коммуналдык кызмат тармагына көчөлөрдү асфальттоого карап берүү, андан башка статьяларды эконом сумманы которууга макулдук берүү жөнүндө
Кашкар-Кыштак айылдык кеңештин депутаттары, айыл өкмөтүнүн Ф.Э.Б.башчысы Р.Рахматовдун күн тартибиндеги маселе боюнча сунушун угуп жана кеңири карап чыгып, айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ кылат
1. Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине 2023-жылда пландан ашыкча түшкөн 1,500 (бир миллион беш жүз миң ) сом акча каражатты 70629 турак жай жана коммуналдык кызмат тармагына көчөлөрдү асфальттоого карап берүү, андан башка статьялардагы эконом сумманы которууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, экономика, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы |
З.Г.Нурдинов |