Редакцияот 15.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

  

КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз XXIII-сессиясы

 

2023-жылдын 15-сентябрындагы № 2

 

Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүндө бош калган муниципиалдык имараттарды ижарага берүү, ижара акын келишим негизинде берүүгө макулдук берүү жөнүндө

Кашкар-Кыштак айылдык кеңештин депутаттары, айыл өкмөтүнүн Ф.Э.Б.башчысы Р.Рахматовдун күн тартибиндеги маселе боюнча сунушун угуп жана кеңири карап чыгып, айылдык кеңештин сессиясы

 

ТОКТОМ   кылат

 

2. Айыл өкмөтүндөгү бош калган муниципиалдык имараттарды ижарага берүү жана ижара акын келишимдин негизинде белгилеп берүүгө макулдук берилсин.

 

3. Бош калган муниципиалдык имараттарды ижарага келишимдин негизинде берүүдө мыйзам чегинде иш кагаздарын даярдап берүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, экономика, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Кашкар-Кыштак айылдык

кеңешинин төрагасы

 

З.Г.Нурдинов