КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз XXIII-сессиясы
2023-жылдын 15-сентябрындагы № 7
“Хает-Бахш” ИСКАКБ-сынын 04.07.2023-жылдагы жалпы чогулушунун протоколун Кашкар-Кыштак айылынын калкы пайдаланып жаткан ичүүчү суунун жана борбордук суу түйүнүнө улануу бааларын прейскурантын 2023-жылга бекитип берүү жөнүндө
Айылдые кеңештин депутаттары “Хает -Бахш” ишканасынын кызматкерлери Р.Умарованын “Хает-Бахш” ИСКАКБ сынын 04.07.2023-жылдагы жалпы чогулушунун протоколу менен тааныштырып, ишкананын 2022-жыл ичинде аткарган иштерин жана 2023-жыл үчүн бюджеттин жана иш планын бекитип берүү боюнча сунушун, айылдык кеңештин депутаттары кеңири карап чыгып, айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ кылат
1. “Хает-Бахш” ИСКАКБ сынын 2023-жылдын 04-июнкндагы жалпы чогулушунун протоколу бекитилсин.
2. Протоколдо көрсөтүлгөн ичимдик сууга болгон төлөмдөрдүн тарифтерин мыйзам чегинде жыйноо жана максаттуу пайдалануу жагы “Хает-Бахш” ишканасына тапшырылсын.
3. Токтомдун бир нускасы “Хает-Бахш” ишканасына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, экономика, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы |
З.Г.Нурдинов |