Загрузка документа…
ТОРТГУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
2025-жылы 13-октябры №54
2024-жылдын 25-декабрындагы №12 сандуу токтомго өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 21-беренесине ылайык, Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 10-октябрындагы сандуу катында инвесторлор бетон заводун куруу боюнча демилгеси камтылган кат угулуп жана талкууланып чыкты. Айыл чарба жана экономикалык өнүгүү максатында өндүрүш объектилерин өнүктүрүү зарылдыгы эске алынып, Төрт-Гүл айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз X сессиясы токтом кылат:
1.2024-жылдын 25-декабрындагы №12 сандуу токтомунун 1 пункттар төмөнкүдөй мазмунда өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн аймагындагы Зарташ айылынын Ийри-Сай жерлигинде, Кожо-Ашкан дарыясынын жээгинде жайгашкан "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясындагы №400,409-контурдагы 1,62 га жана №406-контуру боюнча 0,10 га суу астындагы жерлер – жалпысы 1,72 га жер аянты "Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына трансформациялоого макулдук берилсин.
3. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Зарташ айылындагы Ийри-Сай жерлигиндеги1,72 га жер аянтын трансформациялоо маселеси боюнча Баткен райондук мамлекеттик администрациясына кайрылуу жүргүзүлсүн.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Д.Анапияевге жүктөлсүн.
Торагасы: | Н.Артыков |