КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз XXIII-сессиясы
2023-жылдын 15-сентябрындагы № 10
Алгабас айылынын жашоочуларынын 2023-жылдын 25-август күнкү Сүттү-Булак калктуу конушуну айыл категориясына киргизилип, бирок ( ГО СОАТЭ ) ге код берүү боюнча протоколун бекитүү жөнүндө
Айылдык кеңештин депутаттары, Кашкар-Кыштак айыл аймагына караштуу “Сүттү- Булак” калктуу конушу Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунды Ош облусунун Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл кеңешинин Сүттү-Булак айылы биринчи жолу Кыргыз ССР Административдик-территориялык бөлүнүш 1964-жылдын 1-январына карата (Кыргыз ССР инин Жогорку Советинин Президиумунун жетинчи басылышы, Кыргызстан мамлекеттик басмасы Фрунзе-1964 ), ошондой эле “Кыргыз ССРи административдик- территориялык бөлүнүш 1965-жылдын 1-сентябрына карата” (Кыргыз ССР инин Жогорку Советинин Президиумунун сегизинчи басылышы,” Кыргызтан басмасы Фрунзе-1966) малымдамасында келтирилген, бирок, (ГО СОАТЭ ) ге код берилбей калгандыгы боюнча айыл башчы Н.Эргешовдун малыматын айлдык кенңештин депутаттары карап чыгып жана кеңири талкуулап, айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 1996 жыл 11-декабрь № 579-1 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын бийик тоолу жана алыскы зоналарында жайгашкан калк жашаган пункттарын тизмесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 03.05.2023 №235 токтому менен бекитилген бийик тоолуу шарттарда жайгашкан, ал жерде иштөө жеңилдетилген пенсиялык камсыздоо укук берүүчү калктуу конуштардын тизмесине Кара-Суу райондук Сүттү-Булак калктуу конушу болуп киргизилгендиктен Сүттү-Булак калктуу конушунун (ГО СОАТЭ ) ге код берүү жагы суралсын.
2. Кашкар-Кыштак айыл аймагынын Алгабас айылынын 2023-жылдын 25-августундагы элдик жыйындын протоколу бекитилсин.
3. Айылдык кеңештин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз XXIII сессиясынын №10 токтомун бекитип берүү жагы Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук,укук, тартипти чыңдоо, кеңештин иштери жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы |
З.Г.Нурдинов |