Загрузка документа…
ТОРТГУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
2025-жылы 13-октябры №56
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы муниципалдык жерлерди сарамжалдуу пайдалануу боюнча программалары жана аткарып жаткан иштери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 21-беренесине ылайык, айыл өкмөтүнүн аймагындагы муниципалдык жерлерди сарамжалдуу пайдалануу боюнча программаларын жана аткарып жаткан иштери боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эркебаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Төрт-Гүл айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышын кезексиз X сессиясы токтом кылат:
1.Айыл өкмөтүнүн аймагындагы муниципалдык жерлерди сарамжалдуу пайдалануу боюнча программалары жана аткарып жаткан иштери кемчиликтери менен канааттандырарлык деп табылсын.
2. Кабыл алынган токтомдорду юстиция министрлигинин каттоосунан өткөрүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы Т.Сапаровго жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Мыйзамдуулук укук тартибин чыңдоо, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Торагасы: | Н.Артыков |