Загрузка документа…
ТОРТГУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
2025-жылы 13-октябры №57
Чек айылынын Мектеп, А.Акбаев жана А.Эргешов көчөлөрүнүн 1000 м аралыгына асфальт төшөөгө өздүк салым катары керектүү акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө.
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Чек айылынын Мектеп, А.Акбаев жана А.Эргешов көчөлөрүнүн 1000 м аралыгына асфальт төшөөүчүн айыл өкмөтү тарабынан долбоор даярдалып, дем берүүчү грант аркылуу каржылоого сунушталууда. Жалпы сметалык баасы 10 463 579 сомду түзүп, дем берүүчү грант аркылуу колдоо ар бир долбоор үчүн 5000 000 сомго чейин болгондуктан калган 5463579 сом акча каражаттын өздүк салым катары 2026-жылдын жергиликтүү бюджетинен бөлүп берүү боюнча айыл өкмөт башчысы А.Эркебаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Төрт-Гүл айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Үлүштүк (дем берүүчү) грантка 5000 000 сомдук каржылоону сунуштап, дем берүүчү грантка киргизилсин. Чек айылынын Мектеп, А.Акбаев жана А.Эргешов көчөлөрүнүн 1000 м аралыгына асфальт төшөөгөайыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджентинен 5463579( беш миллион төрт жүз алтымыш үч миң беш жүз жетимиш тогуз) сом акча каражатты өздүк салым катары 2026-жылдын жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берүү макулдук берилсин.
2. Кабыл алынган токтомдорду юстиция министрлигинин каттоосунан өткөрүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы Т.Сапаровго жүктөлсүн.
3.Керектүү каражаттар менен камсыздоо жага ФЭБ башчысы Ж.Токтомушевага тапшырылсын.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы каржы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Д.Макановго тапшырылсын.
Торагасы: | Н.Артыков |