Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 10-октябры № 76
Баткен шаарында жергиликтүү коомдоштуктун кезектеги IV жыйынын өткөрүүгө даярдыктарды көрүү жана уюштуруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” 2025-жылдын 23-сентябрындагы Жарлыгын жана Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин 2025-жылдын 25-сентябрындагы №1 протоколунун чечимин аткаруу максатында, Баткен шаарында жергиликтүү коомдоштуктун кезектеги жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз X сессиясы - Токтом кылат:
1.Баткен шаарында жергиликтүү коомдоштуктун кезектеги IV жыйыны 2025-жылдын
1- ноябрында саат 10-00дө өткөрүлсүн:
Жергиликтүү коомдоштуктун жыйыны Баткен облустук А.Жайнаков атындагы
музыкалык - драма театрында өткөрүлсүн;
2.Баткен шаарынын жергиликтүү коомдоштуктун кезектеги IV жыйынына 150 өкүл көрсөтүлсүн;
3.Жыйынга жергиликтүү өкүлчүлүктүн саны административдик-аймактык бөлүнүштөр боюнча калктын санына №1 тиркемеге ылайык бөлүштүрүлсүн;
4.Жергиликтүү коомдоштуктун кезектеги IV жыйынын өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
5.Шаар аймагында коомдук жыйындарды өткөрүү жана өкүлдөрдү шайлоо боюнча жооптуу депутаттар жана жумушчу топ №3 тиркемеге ылайык бекитилсин;
6.Жергиликтүү коомдук жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү иштери тиешелүү жумушчу тобуна жана Баткен шаарынын мэриясына жүктөлсүн;
7.Жергиликтүү коомдоштуктун кезектеги IV жыйынынын күн тартибине төмөнкү маселелер сунушталсын:
1.Коомдоштуктун кезектеги IV жыйынынын катчысын бекитүү;
2.Эсептөө комиссиясынын курамын жана төрагасын бекитүү;
3.Кезектеги IV Элдик Курултайга 3 (үч) делегатты шайлоо. (резервин кошо бекитүү).
4. Баткен шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун Уставын талкуулоо;
8.Коомдоштуктун жыйыны өтүүдө коомдук тартипти сактоо, көзөмөлдөө, коопсуздук чараларын камсыздоо, техникалык жана медициналык кызмат көрсөтүү иштери Баткен шаарынын мэриясына /мэр Т.Абыкеев/ жүктөлсүн;
9.Жыйынды өткөрүү боюнча маалыматтар жана даярдык иштеринин жүрүшү жөнүндө маалыматтар шаар калкына Баткен шаардык Кеңешинин жана шаар мэриясынын расмий веб-сайттары, социалдык баракчалары, маалымат баннерлери, “Баткен” УТРКсы жана “Салам” радиосу аркылуу жеткирилсин.
10.Ушул токтом мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жөнөтүлсүн;
11.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Баткен шаардык Кеңешинин төрагасы А.Ашировго жана уюштуруу тобуна жүктөлсүн.
Тѳрага: | А.Аширов |
Баткен шаардык Кеңешинин VIII
чакырылышынын кезексиз X сессиясынын
№___ токтомуна №1 тиркеме
Баткен шаарынын жергиликтүү коомдоштуктун жыйынына аймактык башкармалыктарынан калктын санына ылайык өкүлдөрдүн шайлануучу квоталык саны:
1.Келечек АТОсунан - 34
2.Чет-Булак АТОсунан - 20
3.Базар-Башы АТОсунан - 20
4.Булак-Башы АТОсунан - 9
5.Кызыл-Дөң АТОсунан - 39
6. Кызыл-Жол АТОсунан - 28
Жалпы: 150
Жооптуу катчы: Ж.Алдашова
Баткен шаардык Кеңешинин VIII
чакырылышынын X кезексиз сессиясынын
№___ токтомуна №2 тиркеме
Баткен шаарында коомдоштуктун кезектеги IV жыйналыштарын уюштуруу жана өткөрүү тобунун курамы
Уюштуруу тобунун төрагасы:
1.Аширов А.А. Баткен шаардык Кеңешинин төрагасы
Катчысы:
2.Алдашова Ж.М. Баткен шаардык Кеңештин жооптуу катчысы
Мүчөлөрү:
3.Таштанов А. Баткенс шаардык Кеңештин депутаты.
4.Орозов А.К. Баткен шаарынын мэринин орун басары.
5.Бегалиев М.С. Баткен шаарынын мэриясынын аппарат башчысы.
6.Рыскулова И Баткен шаарынын мэриясынын уюштуруу жана кадрлар бөлүмүнүн
башчысы.
7.Акматов А Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы ММДнин башчысы.
8.Омошов Р Баткен шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы.
9.Шаршеев К ӨКМдин Баткен шаары боюнча бөлүм башчысы.
10.Айкынов Х.И. Аксакалдар сотунун төрагасы.
11.Ормонова А Коомчулуктан.
Жооптуу катчы: Ж.Алдашова
Баткен шаардык Кеңешинин VIII
чакырылышынын кезексиз X сессиясынын
№___ токтомуна №3 тиркеме
Баткен шаарынын аймактык башкармалыктарында жергиликтүү коомдоштуктун жыйынына өкүлдөрдү шайлоо үчүн жыйындарды өткөрүүнүн графиги
14.10.2025-жыл
№ | АТОнун аталышы | Мөөнөтү | Жыйын өткөн жер | Шайланган өкүлдүн саны |
| ||||
1 | Келечек | 14.10.25 саат 10-00 | №3 А.Имаров атындагы орто мектеби | 34 |
2 | Кызыл-Дөң | 15.10.25 саат 10-00 15.10.25 саат 14-00 | Аксакалдар чайканасы Сай маала | 39 |
3 | Чет-Булак | 16.10.25 саат 10-00 16.10.25 саат 17-00 | Подстанция Аэропорт зонасы | 20
|
4 | Базар-Башы | 17.10.25 саат 10-00 17.10.25 саат 18-00 | С.Айтматов мектеби Токтогул Олуя | 20 |
5 | Булак-Башы | 18.10.25 саат 14-00 | Башталгыч мектеби | 9 |
6 | Кызыл-Жол | 18.10.25 саат 16-00 | АТО башчысынын офиси | 28 |
| Жалпы шаар боюнча |
|
| 150 |