Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 10-октябры № 77
Баткен шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө №123 Мыйзамынын жана “Баткен шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө жобосун жаңы редакцияда кабыл алуу жөнүндө” Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясынын №69 токтомуна ылайык, шаар турмушун руханий жана коомдук өнүгүүсүнө кошкон зор салымын, жаштардын тарбиясында - ыйман, адеп-ахлак баауулуктарын жайылтуудагы ишмердүүлүгүн эске алып Баткен шаардык Кеңешинин Мыйзамдуулук, укук, коопсуздук, наамдарды, ысымдарды ыйгаруу (Регламент, этика жана депутаттык мандат) маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 8-октябрындагы кортундусунун негизининде Баткен шаардык Кеңшинин VIII чакырылышынын кезексиз X сессиясы Токтом кылат:
1. Баткен шаарынын “Ардактуу атуулу” наамы төмөнкү атуулдарга ыйгарылсын:
Баткен шаарынын социалдык экономикалык жактан өнүгүүсүнө, инфра түзүмүн жакшыртууда инвестиция тартууда, шаар калкынын жашоо турмушуна шарт түзүүдө, жаштарга жана балдарга талим тарбия, адеб-ахлактык жактан тарбия берүүгө өзгөчө жеке салымы үчүн Баткен шаарынын тургуну, Баткен облустук мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин профсоюз уюумунун төрагасы- Айкынов Хайит Исраиловичке;
-Баткен шаарындагы жаштардын билим алуусу жана адептүүлүккө тарбиялануусу үчүн шарттарды түзүүгө жекече демилгелүүлүгүнө, Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын ишке ашырууда, салтуу Ислам жолун сактап аны өнүктүрүүгө жана элибиздин тынчтык, биримдикке чакырууда кошкон зор салымы үчүн “Алтын Муун” коомдук кайрымдуулук фондунун жетекчиси -Нарматов Абдишукур Исламовичке
2. Баткен шаарынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылгандыгы шаар калкына Баткен шаардык Кеңешинин расмий сайты аркылуу жеткирилсин
3.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жөнөтүлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Баткен шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары Ч.Ахмедовага тапшырылсын
Тѳрага: | А.Аширов |