Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас шаардык кеңешинин Х чакырылышынын
кезектеги XVII сессиясы
2025-жылдын 8-октябры №2
«Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү
коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынын чакыруу жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Прездентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы №270 Жарлыгы менен бекитилген 2025-жылдын 22-декабрда өтүүчү кезектеги IV Элдик Курултайга Манас шаарынан делегаттарды шайлоо максатында, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 61-беренесине ылайык, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча Манас шаарынын жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйыны 2025-жылдын 1-ноябрь саат 10:00 гө чакырылсын. Өкүлчүлүктүү жыйын Манас шаарындагы Ю.Абдрахманов 6 дарегиндеги административдик имараттын кичи жыйындар залында өткөрүлсүн.
2. Манас шаарынын өкүлчүлүктүү жыйынын өткөрүү боюнча жумушчу тобунун курамы №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Манас шаарынын жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынына делегаттарды шайлоо үчүн жыйындарды өткөрүү графиги №2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысы (Г.Осмоновага) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Манас шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Болотов Н.Б. |
|
Манас шаардык депутаттар кеңешинин 08.10.2025-жылдагы кезектеги XVII сессиясынын №3-токтомуна №1-тиркеме
|
Манас шаарынын жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү
жыйынын чакыруу боюнча жумушчу тобунун курамы
№ | Аты-Жөнү
| Кызмат орду |
1. | Болотов Нуртилек Болотович | Манас шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы |
2. | Маманов Каныбек Тойчубекович | Манас шаардык депутаттар кеңешинин төрагасынын орун басары |
3. | Осмонова Гульзат Орозбековна | Манас шаардык кеңешинин жооптуу катчысы |
4. | Мустапакулова Малика Пайгамбаркуловна | Манас шаарынын мэриясынын бөлүм башчысы-жумушчу топтун мүчөсү |
5. | Өмүрбек уулу Кудурет | Манас шаарынын мэриясынын башкы адиси- жумушчу топтун мүчөсү |
6. | Караев Турдукул Калилович | Демилгечи топтун өкүлү, жумушчу топтун мүчөсү |
7. | Султанова Курманжан | «Седеп» КФтун өкүлү, жумушчу топтун мүчөсү |
Жооптуу катчы |
Осмонова Г.О. |
|
Манас шаардык депутаттар кеңешинин 08.10.2025-жылдагы кезектеги XVII сессиясынын №3-токтомуна №2-тиркеме |
Манас шаарынын жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынына өкүлдөрдү шайлоо үчүн жыйындарды өткөрүү графиги
№ | Аймактык башкармалыктар | Өткөрү датасы | Сааты
| Өкүлдөрдүн саны | Жооптуу МАБ |
1. | Курманбек МАБ №3 орто мектеп | 17.10.2025-ж. | 17-00 | 36 | Умуралиева А.К
|
2. | Ч.Айтматов МАБ №6 орто мектеп | 17.10.2025-ж. | 15-00 | 40 | Алдосова Б.С
|
3. | М.Конгантиев МАБ Имараты | 20.10.2025-ж. | 10-00 | 16 | Алтыбаева М.С. |
4. | Т.Тайгараев МАБ -№10 орто мектеп -№25 Т.Идирисова орто мектеп | 20.10.2025-ж. | 10-00 15-00 | 20 | Джээнбеков Т.К |
5. | Достук МАБ №75 КЛ | 21.10.2025-ж. | 16-00 | 33
| Эргашева Н.О
|
6. | Спутник МАБ №9 орто мектеп | 21.10.2025-ж. | 14-00 | 36 | Райимжанов А.А |
7. | Көк-Арт МАБ №13 орто мектеп | 22.10.2025-ж. | 14-30 | 19 | Шайбеков К.Ж |
8. | Административдик имараттын кичи жыйындар залы | 01.11.2025-ж. | 10-00 | 200 | Мустапакулова М.П. К.Өмүрбек уулу |
Жооптуу катчы |
Осмонова Г.О. |