Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бирлик айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы
2025-жылдын 10-октябры № 25
Кезектеги IV Элдик курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү жөнүндө
КРнын “Элдик Курултай жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын, КРнын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы №270 “IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгына ылайык, “Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо жөнүндө” Жобонун негизинде, Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 25-сентябрындагы №01-15/266 буйругун аткаруу максатында, Бирлик айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Бирлик айыл өкмөтүнүн аймагында кезектеги IV Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйын 2025-жылдын 1-ноябрына саат 10:00дө Бирлик айыл өкмөтүнүн кеңсесинде өткөрүлсүн.
2.Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучу өкүлдөрдүн саны нормага ылайык 80 (сексен) өкүл болуп бекитилсин.
3.Ар бир айылда жергиликтүү жарандар менен жыйындарды өткөрүү графиги №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4.Бирлик айылдык кеңешинин депутаттары №2 тиркемеге ылайык жергиликтүү жарандар менен ар бир айылда жыйындарды өткөрүүгө жооптуу болуп дайындалсын.
5.Жергиликтүү жарандар менен жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы №3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
6.Бирлик айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйынына делегаттарды көрсөтүү нормасы №4 тиркемеге ылайык бекитилсин.
7.Кезектеги IV Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү жарандар менен жыйындар жана чогулуштар өткөрүлө турган күн, убактысы жана жайы жөнүндө социалдык тармактар жана башка ушул сыяктуу маалымат булактары аркылуу жергиликтүү жарандарга кабар берүү жагы жана керектүү техникалык жабдыктар менен камсыздоо Бирлик айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
8.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бирлик айылдык кеңешинин бардык депутаттарына жүктөлсүн.
Төрага | Н.Гафуров |
Бирлик айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын VII-сессиясынын №25 токтомуна №1 тиркеме
Бирлик айыл аймагынын жергиликтүү жамааттарынын курултайына делегаттарды шайлоо боюнча Бирлик айыл аймагынын айылдарында өткөрүлүүчү жарандардын жыйындарынын графиги.
К№ | Айылдардын аталышы | Жыйын өткөрүү мөөнөтү | Сааты Орду
|
1 | Сырт айылы | 21.10.2025 | 10:00 “Сырт” орто мектеби |
2 | Ынтымак айылы | 21.10.2025 | 12:00 Айылдык мечит |
3 | Жаны–Сырт айылы | 21.10.2025 | 14:00 Айылдык мечит |
4 | Моло айылы | 21.10.2025 | 16:00 “Моло”т.э.орто мектеби |
5 | Ормош айылы | 22.10.2025 | 10:00 Бирлик айыл өкмөтү |
6 | Сур айылы | 22.10.2025 | 12:00 Сур айылында мечит. |
7 | Чечме айылы | 22.10.2025 | 14:00 “1-Май” орто мектеби |
8 | Бел айылы | 22.10.2025 | 16:00 А.Солтонов ат.орто мектеби |
9 | Тескей айылы | 23.10.2025 | 10:00 Айылдык мечит |
10 | Эшме айылы | 23.10.2025 | 12:00 “Эшме” орто мектеби |
11 | Жал айылы | 23.10.2025 | 14:00 Б.Алыкулов ат.о.м. |
12 | Жаны-Коргон айылы | 23.10.2025 | 16:00 ФАПтын алдында |
Жооптуу катчы С.Касымов
Бирлик айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын VII-сессиясынын №25 токтомуна №2 тиркеме
Кезектеги IV Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү жарандар менен ар бир айылда жыйындарды өткөрүүгө жооптуу Бирлик айылдык кеңешинин депутаттардын тизмеси:
№ | Айылдын аталышы | Уюштурууга жооптуу кызматкер | Жооптуу айылдык кеңештин депутаты | Эскертүү |
1 | Сырт айылы | Мадимаров Замир | Таштемиров Сагынбек |
|
2 | Ынтымак айылы | Мадимаров Замир | Акматова Назирахан |
|
3 | Жаны–Сырт айылы | Мадимаров Замир | Маматов Шүкүрбек |
|
4 | Моло айылы | Мадимаров Замир | Анарбаева Бувайда |
|
5 | Ормош айылы | Джураев Бакыт | Мамасабиров Боронбай |
|
6 | Сур айылы | Джураев Бакыт | Каримов Мурадыл |
|
7 | Чечме айылы | Джураев Бакыт | Таджиев Алмаз |
|
8 | Бел айылы | Джураев Бакыт | Исаев Абдыкадыр |
|
9 | Тескей айылы | Тойчиев Алман | Кабылова Айымкыз |
|
10 | Эшме айылы | Тойчиев Алман | Матираимова Кансулуу |
|
11 | Жал айылы | Тойчиев Алман | Каракулов Жоомарт |
|
12 | Жаны-Коргон айылы | Тойчиев Алман | Эргешов Шерали |
|
Жооптуу катчы С.Касымов
Бирлик айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын VII-сессиясынын №25 токтомуна №3 тиркеме
Кезектеги IV Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү жарандар менен ар бир айылда жыйындарды өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы:
№ | Жумушчу топтун курамы | Айылдардын аталышы |
1 | Жумушчу топтун төрагасы-Гафуров Надырбек | Сырт айылы |
2 | Жумушчу топтун катчысы- Акматова Назирахан | Ынтымак айылы |
3 | Жумушчу топтун мүчөсү- Анарбаева Бувайда | Жаны–Сырт айылы |
4 | Жумушчу топтун мүчөсү-Маматов Шүкүрбек | Моло айылы |
5 | Жумушчу топтун мүчөсү- Имматали уулу Жениш | Ормош айылы |
6 | Жумушчу топтун мүчөсү- Алдашева Бактыгүл | Сур айылы |
7 | Жумушчу топтун мүчөсү- Каламов Садыкбек | Чечме айылы |
8 | Жумушчу топтун мүчөсү-Гүлмурзаева Гүлхан | Бел айылы |
9 | Жумушчу топтун мүчөсү-Баев Мунар | Тескей айылы |
10 | Жумушчу топтун мүчөсү-Турсункулова Дилбархан | Эшме айылы |
11 | Жумушчу топтун мүчөсү-Эргешов Шерали | Жал айылы |
12 | Жумушчу топтун мүчөсү-Каракулов Жоомарт | Жаны-Коргон айылы |