Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бирлик айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы
2025-жылдын 10-октябры № 27
Бирлик айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Бирлик айылдык кеңешинин депутатынын баяндамасын угуп, талкуулап, социалдык өнүгүү, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, спорт жана жаштар маселелер боюнча туруктуу комиссиянын 2025-жылдын 15-октябрындагы №2 корутундусунун негизинде,Бирлик айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Бирлик айыл аймагынын Жал айылынын тургуну Маканбаев Жеенбек Абдирасуловичке айыл өкмөттүн аймагында эмгеги сиңген, ар кандай маданий иш-чараларды активдүү уюштурган, инфраструктураны өнүктүрүүдө кошкон өтө зор салымын эске алып Бирлик айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2.Тийиштүү иш кагаздарын бүтүрүп тапшыруу жагы Бирлик айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3.Токтом кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
4.Токтом Бирлик айылдык кеңешинин www.birlik.gov.kg/admin/ сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен областык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бирлик айылдык Кеңешинин социалдык өнүгүү, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, спорт жана жаштар маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына жүктөлсүн.
Төрага | Н.Гафуров |