Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 10-октябры № 01-06/12-01
Үч-Коргон айылдык кеңешинин төрагасы Б.А.Бердибековдун арызы жөнүндө.
Үч-Коргон айылдык кеңешинин кезексиз XII сессиясына сунушталган айылдык кеңешинин төрагасы Б.А.Бердибековдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндөгү жазган арызын талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө ” Мыйзамынын 34-беренесинин 8-пунктуна негиз, Үч-Коргон айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Үч-Коргон айылдык кеңешинин төрагасы Бердибеков Бекмурза Абдулазизовичтин берген арызына ылайык, айылдык кеңешинин төрагасынын ыйгарым укугу 10.10.2025-жылдан баштап токтотулсун.
2. Токтомдун аткарууга алуу Үч-Коргон айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары С.Атамбаевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Үч-Коргон айылдык кеңешинин “Этика жана мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Д.Ахуновага милдеттендирилсин.
Төрага | Б.Бердибеков |