Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 10-октябры № 01-06/12-03
Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйынга делегаттарды көрсөтүү жана өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Элдик Курултай жѳнүндѳ” конституциялык Мыйзамынын, КРнын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрыдагы №271 “Элдик Курултайды ѳткѳрүү жѳнүндѳ” Жарлыгынын, КРнын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” Мыйзамынын 61-беренесине ылайык, Үч-Коргон айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Өкүлчүлүктүү жыйындын делегаттарынын Үч-Коргон айыл аймагы боюнча жалпы саны 200 адам деп белгиленсин.
2. Өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобунун курамы 1-тиркемеге ылайык 16 адамдан деп бекитилсин.
3. Өкүлчүлүктүү жыйынга делегаттарды шайлоо боюнча Үч-Коргон айыл аймагы 2-тиркемеге ылайык ченемдерге бөлүнсүн.
4. Өкүлчүлүктүү жыйынга делегаттарды шайлоо боюнча уюштуруу комитетинин календардык планында аныкталган мөөнөткө ылайык жарандардын жыйындарын жана чогулуштарын өткөрүү гафиги жана алардан шайлануучу делегаттардын өкулчүлүктүү нормалары 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Өкүлчүлүктүү жыйындын делегаттарын шайлоо боюнча ар бир жыйындарды жана чогулуштарды өткөрүүгө жооптуу Үч-Коргон айылдык кеңешинин депутаттарынын тизмеси 4-тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. Үч-Коргон айыл өкмөтү өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучуларды шайлоо боюнча коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындары жана чогулуштары өтө турган күн, убакыт жана жай жөнүндө массалык маалымат каражаттары, соц тармактар жана башка булактар аркылуу жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн кабардар кылсын.
7. Жыйындар жана чогулуштар өтүүчү жайды аныктап, тиешелүү техникалык жабдыктар менен камсыздоо Үч-Коргон айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
8. Өкүлчүлүктүү жыйын 2025-жылдын 1-ноябрында саат 10:00 дө Үч-Коргон айыл
аймагынын “Достук” маданият үйүндө өткөрүлсүн.
9. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | Б.Бердибеков |
Үч-Коргон айылдык кеңешинин 10.10.2025-жылдагы №XII сессиясынын №01-06/12-03 токтомуна 1-тиркеме
Үч-Коргон айыл аймагында Элдик Курултайга делегат шайлоо боюнча Өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү үчүн жумушчу топтун курамы
№ | Ф.А.А | Кызматы |
1 | С.Атамбаев | Комиссиянын төрагасы |
2 | Д.Ахунова | катчысы |
3 | Н.Саматов | мүчөсү |
4 | М.Кадыров | мүчөсү |
5 | Ш.Таджибаев | мүчөсү |
6 | С.Халмуратов | мүчөсү |
7 | А.Нурмаматов | мүчөсү |
8 | Х.Ахунбаев | мүчөсү |
9 | К.Будуев | мүчөсү |
10 | Ф.Джалалов | мүчөсү |
11 | Р.Турсуналиева | мүчөсү |
12 | Г.Абдурахманова | мүчөсү |
13 | Б.Абдурахманов | мүчөсү |
14 | М.Машарипова | мүчөсү |
15 | Б.Мурзошарипов | мүчөсү |
16 | Р.Каримов | мүчөсү |
Жооптуу катчы Д.Ахунова
Үч-Коргон айылдык кеңешинин 10.10.2025-жылдагы №XII сессиясынын №01-06/12-03 токтомуна 2-тиркеме
Өкулчүлүктүү жыйынга делегаттарды шайлоо боюнча Үч-Коргон айыл аймагынын ченемдерге бөлүнү
№ | Шайлоо округу боюнча | Калктын саны |
1 | Чаувай ш/округу | 1053 |
2 | Тегирмеч ш/округу | 2101 |
3 | Партсъезд ш/округу | 2294 |
4 | Үч-Коргон ш/округу | 1380 |
5 | Хасанабад ш/округу | 2089 |
6 | Калтак ш/округу | 2813 |
7 | Суухана ш/округу | 1728 |
8 | Рудаки ш/округу | 3013 |
9 | Тажик-Кыштак ш/округу | 1687 |
Жооптуу катчы Д.Ахунова
Үч-Коргон айылдык кеңешинин 10.10.2025-жылдагы №XII сессиясынын №01-06/12-03 токтомуна 3-тиркеме
Үч-Коргон айыл аймагында Өкүлчүлүктүү жыйынга делегаттарды шайлоо боюнча уюштуруу комитетинин чогулуштарын өткөрүүнүн графиги