Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2025-жылдын 1 - августу № 52
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 11-февралындагы № 39 "Шайлоочулардын мамлекеттик "Тизме" порталы жөнүндө Жобо тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 9-июнундагы № 113 конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 2-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 11-февралындагы № 39 "Шайлоочулардын мамлекеттик "Тизме" порталы жөнүндө Жобо тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Шайлоочулардын "Тизме" мамлекеттик порталы жөнүндө жобо ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" 2021-жылдын 5-сентябрындагы № 680 токтомунун 2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул токтом "Эркин-Тоо" гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С.Жупуевага жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 8-августундагы № 59 (3715) саны менен жарыяланган.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Т.Шайназаров |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 52 токтомуна тиркеме |
Шайлоочулардын "Тизме" мамлекеттик порталы жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул шайлоочулардын "Тизме" мамлекеттик порталы жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) шайлоочулардын "Тизме" мамлекеттик порталынын (мындан ары - Мамлекеттик портал) негизги түшүнүктөрүн, максаттарын жана милдеттерин аныктайт, ошондой эле жайгаштырылуучу маалыматтардын тизмегин, Мамлекеттик порталда маалыматтарды түзүүнүн жана жайгаштыруу талаптарынын тартибин, анын маалыматтык жактан толукталып, иштеп турушун жана уюштурууну жөнгө салат.
2. Бул Жобо "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө", "Электрондук башкаруу жөнүндө", "Маалымат алуу укугу жөнүндө", "Жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты.
3. Мамлекеттик порталдын иштеп турушун камсыздоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) тарабынан ишке ашырылат.
2. Мамлекеттик порталдын максаттары жана милдеттери
4. Мамлекеттик портал - шайлоочулардын жана референдумга катышуучулардын тизмеси (мындан ары - шайлоочулардын тизмеси) боюнча түзүлгөн округдук, аймактык шайлоо комиссияларындагы шайлоо участоктор, райондор, шаарлар, калктуу конуштар жана жалпы республика боюнча актуалдаштырылган маалыматтар камтылган Борбордук шайлоо комиссиясынын веб-ресурсу.
Мамлекеттик портал www.tizme.gov.kg. веб-дарегине ээ.
5. Мамлекеттик портал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык шайлоочуларга, референдумдун катышуучуларына (мындан ары - шайлоочулар) шайлоочулардын тизмелери жөнүндө шайлоочунун жеке маалыматтарын, шайлоочу катталган шайлоо участогун тактоо жана жарандардын шайлоого катышуусу жөнүндө маалымат берүүгө арналган.
6. Мамлекеттик порталга жайгаштырылган маалыматтар, "Жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жарыяланууга жатпаган маалыматтарды кошпогондо, анык, актуалдуу, ачык жана жалпыга жеткиликтүү болуп саналат.
Мамлекеттик порталга жайгаштырылган маалыматтар мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыяланат.
7. Мамлекеттик порталдын негизги милдеттери:
- Кыргыз Республикасындагы шайлоо тутумунун ачык-айкындыгын камсыздоо;
- жарандардын Борбордук шайлоо комиссиясынын карамагында турган маалыматтарга жетүү укуктарын жүзөгө ашыруу;
- шайлоочулардын тизмеси жөнүндө маалыматтарды эркин жана тоскоолдуксуз алуу боюнча жарандардын укуктарын жүзөгө ашыруу;
- жарандардын Кыргыз Республикасындагы шайлоо процесстери жөнүндө маалымат алуусун жогорулатуу;
- жарандар менен маалыматтык өз ара аракеттерди өнүктүрүү;
- шайлоочуларга шайлоочулардын тизмесине киргизилгендигин, жеке маалыматтарынын тактыгын жана шайлоочу тиркелген шайлоо участогун текшерүүгө мүмкүнчүлүк берүү, каталар жана/же так эместиктер аныкталган учурда "Шайлоочунун кабинети" маалыматтык тутуму аркылуу кайтарым байланыш алуу;
- участкалык, округдук, аймактык шайлоо комиссиялары, облустар, жалпы эле республика боюнча шайлоочулардын саны боюнча статистиканы жарыялоо;
- Кыргыз Республикасындагы шайлоолордун жана референдумдардын жыйынтыктары боюнча статистикалык жана башка маалыматтарды жарыялоо (шайлоочуларды иденттештирүүнүн жыйынтыгына ылайык катышуучулар, гендердик белги, жаш-курак категориясы боюнча динамика, статистика).