Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас шаардык кеңешинин Х чакырылышынын
кезектеги XVII сессиясы
2025-жылдын 8-октябры №5
«Манас шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигиндеги
мүлктү өткөрүп берүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Манас шаарынын мэриясынын 02.10.2025-жылдагы №01-18/6079 сандуу катын Манас шаардык депутаттар кеӊешинин кеӊейтилген жыйынында карап, Манас шаардык депутаттар кеӊешинин кезектеги XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Манас шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигинде турган мамлекеттик номуру 2289DA, 2010-жылы чыгарылган ЯСИН үлгүсүндөгү автобусту Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Мүлктү өткөрүп берүүдө мыйзам талаптарын сактоо жагы Манас шаарынын мэрине (Э.Ормоков), Манас шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгынын башчысына (С.Эргешов) милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Манас шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Болотов Н.Б. |