Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас шаардык кеңешинин Х чакырылышынын
кезектеги XVII сессиясы
2025-жылдын 8-октябры №6
«Манас шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигиндеги
мүлктү бузуу жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Манас шаарынын мэриясынын 15.09.2025-жылдагы №01-18/5689 сандуу катын Манас шаардык депутаттар кеӊешинин кеӊейтилген жыйынында каралып, Манас шаардык депутаттар кеӊешинин кезектеги XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Манас шаарындагы З.Бакиров атындагы №27 жалпы билим берүүчү орто мектебинин эски имаратын, жаӊы имарат курулуп бүткөндөн кийин бузууга макулдук берилсин.
2. Манас шаарынын мэрине (Э.Ормоков), Манас шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгынын башчысына (С.Эргешов) имаратты бузууда коопсуздукту сактоо шарты менен иш жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жерди пайдалануу, архитектура, турак-жай, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Манас шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Болотов Н.Б. |