Редакцияот 08.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

                                                                                                         

Манас шаардык кеңешинин Х чакырылышынын

кезектеги XVII  сессиясы

 

  2025-жылдын  8-октябры  №7

 

«Манас шаарынын аймагындагы жеке менчик жер тилкелеринин укуктук зонасын өзгөртүү жөнүндө»

 

Манас шаарынын мэриясынын 17.09.2025-жылдагы №01-18/5732, 03.10.2025-жылдагы №01-18/6115 сандуу каттары жана ага тиркелген иш кагаздары Манас шаардык депутаттар кеӊешинин кеӊейтилген жыйынында каралып, Жалал-Абад шаарында курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежелеринин негизинде, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XVII сессиясы

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1.  Манас шаарындагы төмөндөгү жеке менчик жер тилкелердин укуктук зонасын өзгөртүүгө макулдук берилсин:

 

·      Торговый чакан көчөсүнүн №25 дарегинде жайгашкан “МилДом” ЖЧКна таандык жалпы аянты 14776,70 чарчы метр жеке менчик жер тилкесин “П-1” укуктук зонадан “Ж-3” укуктук зонасына;

·      Пушкин көчөсүнүн №89 дарегинде жайгашкан “Юрфа” ЖЧКна таандык жалпы аянты 1370,00 чарчы метр жеке менчик жер тилкесин “Ж-1” укуктук зонадан “С-1” укуктук зонасына;

·      Токтогул көчөсүнүн №49 дарегинде жайгашкан А.К.Кантороевага таандык жеке менчик жер тилкесин “С-1” укуктук зонадан “Ж-3” укуктук зонасына.

 

2.  Манас шаарынын мэриясына, Манас шаардык архитектура жана шаар куруу башкармалыгына, КР Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Манас шаардык филиалына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде 2006-жылы кабыл алынган “Жалал-Абад шаарында курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежелерине” өзгөртүү киргизип, мыйзам чегинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.

 

3.  Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.

4.  Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жерди пайдалануу, архитектура, турак-жай, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

5.    Ушул токтом Манас шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төрага

 

Болотов Н.Б.