Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз X сессиясы
2025-жылдын 16-сентябры № 1
Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү жер участогун которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз X сессиясында Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 10.09.2025-жылдагы чыгыш №01-19/436-1 сандуу катын карап жана талкуулап, Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Чычкан-Кол айылындагы №300 контурунда жайгашкан 0,29 га жайыт жерине спорт аянтча (спорт зал) куруу максатында “Өнөр жайдын, транспорттун, энергетиканын, байланыштын, коргоонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлери” категориясына которуу (трансформациялоо) максатына ылайык Папан айыл аймагынын айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесинин негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Чычкан-Кол айылындагы №300 контурунда жайгашкан 0,29 га жайыт жерине спорт аянтча (спорт зал) куруу максатында “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонуунун жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун ишке ашырылышын камсыздоо Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3.Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин жер архитектура жана бюджет инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
| М. Мырзабеков |