Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз X сессиясы
2025-жылдын 16-сентябры № 4
Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025- жылдын бекитилген бюджеттин киреше бөлүгүнө лицензия акы үчүн төлөө салыгына кошумча түшкөн суммадан 5000,0 миң сом кошумча акча каражатынын эсебинен чыгаша бөлүгүн бекитүү жана бюджетке өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бекитилген бюджеттин киреше бөлүгүнө лицензия акы үчүн төлөө салыгына кошумча түшкөн суммадан 5000,0 миң сом кошумча акча каражатынын эсебинен чыгаша бөлүгүн бекитүү жана бюджетке өзгөртүү киргизүү маселеси айылдык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясында каралып, корутундусунун негизинде Папан айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бекитилген бюджеттин киреше бөлүгүнө лицензия акы үчүн төлөө салыгына кошумча түшкөн суммадан планга коюлган 5000,0 миң сом кошумча акча каражатынын эсебинен - бюджеттин чыгаша бөлүгүнө :
- 70111-Аппарат бөлүмүнө 36,0 миң сом, 70629-Турак жай бөлүмүнө 3564,0 миң сом, 70823-Маданият үйү бөлүмүнө -500,0 миң сом,70825-Маданий иш чараларга 400,0 миң сом, 70921-билим берүү бөлүмүнө 500,0 миң сом жалпы 5000,0 миң сом акча каражаты суммага ылайык бекитилсин.
2. Бюджетке өзгөртүүлөр 70629-Турак Жай бөлүмүндөгү Чаар-Айгыр көлүн тазалоого бөлүнгөн 600 миң сом акча каражатынан, 70911-Бала бакча бөлүмүнө Кызыл-Туу айылындагы бала бакча балдар ойноочу аянтча курууга 400,0 миң сом, 70629-Турак жай бөлүмүнө Кызыл-Туу айылындагы ФАПтын жылытуу системасына 200,0 миң сом, 70823-Маданият үйү бөлүмүнө Маданият үйүнүн капиталдык оңдоо үчүн конкурстан үнөмдөлгөн 1120,0 миң сом акча каражатынын эсебинен, 70921-Билим берүү бөлүмүнө жаны ачылган Ж.Шериев атындагы орто мектебинин имаратын жасалгалоого (Оформление) 1000,0 миң сом, мектептердин уставдарын, печать, штамптарын жаңылоого 80,0 миң сом, мектептердин аталыштарын жаңы жаздырууга 40,0 миң сом, 70111-Аппарат бөлүмүнөн айыл өкмөттүн учурдагы ремонтуна бөлүнгөн 300,0 миң сом акча каражатынан, 70629-Турак жай бөлүмүнө электр мамычаларын орнотууга (60шт) 120,0 миң сом, Бөдөнө айылына суу тартууга 100,0 миң сом, 70921-Билим берүү бөлүмүнө Кара-Гур мектебине музыкалык аппарат сатып алууга-80,0 миң сом жылдырылып пайдаланууга макулдук берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу бекитилген суммага ылайык максаттуу пайдалануу Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
| М. Мырзабеков |