Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз X сессиясы
2025-жылдын 16-сентябры № 7
Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Гур айылындагы №114 Кара-Гур орто мектебине класс ачуу жөнүндө
Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Гур айылындагы №114 Кара-Гур орто мектеби тоолуу, шарты оор жана Кожо-Келен айылынан С.Ибраимов атындагы орто мектебинен 11 чакырым алыстыкта жайгашкандыгына байланыштуу, жашаган тургундардын, мектеп директорунун жана Папан айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 15-сентябрдагы кайрылуусунун негизинде класстарын ачуу максатында Папан айыл аймагынын айылдык кеңеши угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Гур айылындагы №114 Кара-Гур орто мектебине төмөндөгү класстарды 2025-2026- окуу жылында:
-1-класста -10 окуучуга
-2-класста - 8 окуучуга
-3-класста - 13 окуучуга
-4-класста - 12 окуучуга
-5-класста - 11 окуучуга
-6-класста - 10 окуучуга
-7-класста - 8 окуучуга
-8-класста - 9 окуучуга
-9-класста - 11 окуучуга
-10-класста -11 окуучуга
-11-класста -11 окуучуга ачууга уруксат берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер, жаштар иштери, спорт жана илим билим берүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы М.Аттокуровага жүктөлсүн.
Төрага: |
| М. Мырзабеков |