Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз X сессиясы
2025-жылдын 16-сентябры № 9
Көчөгө ысым ыйгаруу жөнүндө
Папан айыл аймагынын айылдык кеңеши күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап чыгып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген, Кыргыз Респуликасынын Өкмөтүнүн алдындагы администрациялык аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомостволор аралык комиссия жөнүндө Жобонун талаптарына ылайык Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-августундагы №488, Кыргыз Респуликасынын Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 29-декабрындагы №535 токтомдорунун редакцияларына ылайык, Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү Кызыл-Туу айылындагы Э.Алыкулов атындагы орто мектебинин күн чыгыш тарабындагы көчөгө маркум Сулайманов Эрмаматтын ысымын берүүгө макулдук берилсин жана айыл жашоочуларынын протоколу бекитилсин.
2. Кызыл-Туу айылындагы Э.Алыкулов атындагы орто мектебинин күн чыгыш тарабындагы көчөгө маркум Сулайманов Эрмаматтын үй-бүлөө мүчөлөрүнө ушул көчөнүн ар кандай социалдык маселелерин (жол тегиздөө, жарыктык орнотуу, электр мамычаларын орнотуу ж.б) чечүүгө түздөн түз катышуу зарылчылыгы жеткирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин жер, архитектура жана курулуш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
| М. Мырзабеков |