Загрузка документа…
ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз VIII сессиясынын
(8-шайлаган) жыйналышы
2025-жылдын 26-сентябры № 8/1
“МТБ Инжиринг Групп” ЖЧКсынын генералдык директору Т.Б.Маматеминовдун 2025-жылдын 21-августундагы № 5/03 Ой-Тал айыл аймагынын Сары-Бээ айылындагы Чоң-Кааты суусуна курулуп жаткан чакан ГЭС үчүн № 78 контурдан кошумча 0,3га жер тилкесин трансформация кылып берүүгө макулдук берүү боюнча өтүнүч катын кароо жөнүндө жөнүндө
Ой-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн өсүмдүк өстүрүү жана жер ресустары боюнча жетектөөчү адиси Э.Касымалиевдин маалыматын угуп жана талкуулап Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ой-Тал айыл аймагынын Сары-Бээ айылындагы Чоң-Кааты суусуна курулуп жаткан чакан ГЭС үчүн №78 контурдан кошумча 0,3га жер тилкесин трансформация кылып берүүгө макулдук берилсин.
2.Тиешелүү документтерин бүткөрүү жагы Ой-Тал айылы аймагынын башчысы С.Аматбек уулуна тапшырылсын.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл аймагынын айылдык кеңешинин агрардык, азык түлүк, жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология, жаратылышты коргоо, курулуш, транспорт, өнөр жай, соода, ишкердуулук, байланыш, инвестиция, энергетика, кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссиясына (Д.Тайчиев) жүктөлсүн.
Төрага: |
| К.Т. Кийизбаев |