Загрузка документа…
ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз VIII сессиясынын
(8-шайлаган) жыйналышы
2025-жылдын 26-сентябры № 8/2
Мамлекеттик салык кызматынын Кара-Кулжа району боюнча башкармалыгынын башчысы Н.Алмазбек уулунун 2025-жылдын 16-сентябрындагы № 01-01-4/337-катынын негизинде Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 388 жана 404-беренелерине ылайык, калктуу конуштардагы жана айыл чарба багытындагы эмес жер участоктору боюнча колдонулуучу зоналык коэфицентти жана нарктык зоналарды бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 388-беренелерине ылайык, аталган берененин 1-бөлүгүндө белгиленген жер салыгынын өлчөмдөрүн дифференциялоо боюнча айыл чарбасына арналбаган жер салыгынын Кз зоналдык коэфиценттин маанисинин өлчөмү тууралуу Ой-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси – юрист Т.Аматовдун маалыматын угуп жана талкуулап Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ой-Тал айыл аймагында жер салыгынын өлчөмдөрүн дифференциялоо боюнча айыл чарбасына арналбаган жер салыгынын Кз зоналдык коэфиценттин маанисинин өлчөмү 2,0 болуп бекитилсин жана 2026-жылдын 1-январынан баштап колдонууга алынсын.
2. Айыл чарбасына арналбаган жер салыгынын Кз зоналдык коэфиценттин маанисинин өлчөмү бекитилгендигине байланыштуу Ой-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылга каралган бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү жагы Ой-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу А.Арзи уулуна милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ой-Тал айылдык кеңешинин социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык- экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Сыдыков) тапшырылсын.
Төрага: |
| К.Т. Кийизбаев |