Загрузка документа…
ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз VIII сессиясынын
(8-шайлаган) жыйналышы
2025-жылдын 26-сентябры № 8/3
Кара-Кулжа жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 4-сентябрындыгы № 01-12/246 “Кыргыз Республикасыныны “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамын аткаруугу алуу жөнүндө” буйуругуна ылайык мыйзамды ишке ашырууга багытталган укуктук-ченемдик актыларды кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 – “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 18-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктуна ылайык калктын тынчтыгын жана бейпилдигин камсыз кылуу максатында Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы №194 “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамы айыл аймагында аткарууга алынсын.
2.Ушул мыйзамдын 3-беренесинде белгиленген тыюу салуулар камсыз кылынсын жана төмөнкү убакыт аралыгында үн басымынын жана ызы-чуунун белгиленген деңгээлдеринен ашууга жол берилбесин:
- жумуш күндөрү - саат 22:00дөн 07:00гө чейин;
- дем алыш жана майрам күндөрү - саат 22:00дөн 09:00гө чейин.
3.Мыйзам талаптарынын аткарылышын камсыз кылуу жагы Ой-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы С.Аматбек уулуна, айыл башчыларына жана Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнүн МУУйларына тапшырылсын.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ой-Тал айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Үркүнов) милдеттендирилсин.
Төрага: |
| К.Т. Кийизбаев |