Загрузка документа…
ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз VIII сессиясынын
(8-шайланган) жыйналышы
2025-жылдын 26-сентябры № 8/4.3
Капчыгай айылдык кеңешинин 2021-жылдын 3-ноябрындагы “Капчыгай айыл аймагынын Кара-Таш айылындагы көчөлөргө ат коюу жөнүндө” № 4/1 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Капчыгай айылдык кеңешинин 2021-жылдын 3-ноябрындагы “Капчыгай айыл аймагынын Кара-Таш айылындагы көчөлөргө ат коюу жөнүндө” №4/1 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Ой-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы С.Аматбек уулунун маалыматын угуп жана талкуулап Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Капчыгай айылдык кеңешинин 2021-жылдын 3-ноябрындагы “Капчыгай айыл аймагынын Кара-Таш айылындагы көчөлөргө ат коюу жөнүндө” №4/1 токтомунун 2-пункту төмөндөгүдөй болуп окулсун:
- Ой-Тал айыл аймагына караштуу Кара-Таш айылындагы Кара-Ой көчөсү Курбанбаев Шермат атындагы көчө болуп аталсын.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары С.Кадыровага тапшырылсын.
Төрага: |
| К.Т. Кийизбаев |