Загрузка документа…
ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз IХ сессиясынын
(8-шайланган) жыйналышы
2025-жылдын 10-октябры № 9/1
2025-жылдын 22-23-декабрь күндөрү Бишкек шаарында өтө турган кезектеги IV Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча айыл аймагында боло турган жыйындардын графигин, жумушчу топтун курамын жана жыйындарга жооптуу депутаттарды бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 270 Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 7-беренесинин 2- “Элдик Курултайдын укуктук статусу жөнүндө” бөлүгүн, кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин 2025-жылдын 25-сентябрындагы №1 протоколун жетекчиликке алып Ой-Тал айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
I. Ой-Тал айыл аймагындагы айылдардан элдик өкүлчүлүктүү жыйынга катыша турган өкүлдөрдүн төмөндөгү сандык курамы бекитилсин:
1. Ничке-Суу айылынан – 3 өкүл,
2. Терек-Суу айылынан – 4 өкүл,
3. Сары-Бээ айылынан – 9 өкүл,
4. Кара-Таш айылынан – 7 өкүл,
5. Ой-Тал айылынан – 17 өкүл,
6. Көңдүк айылынан – 10 өкүл,
Жалпы: 50 өкүл.
II. Ой-Тал айыл аймагындагы айылдардан элдик өкүлчүлүктүү жыйынга өкүлдөрдү көрсөтүү жана кезектеги IV Элдик Курултайга делегаттарды шайлоолорду өткөрүүгө байланыштуу тиешелүү иш-аракеттерди камсыздоо боюнча жумушчу топтун курамы № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
III. Жыйындарды өткөрүүнүн графиги жана жыйындарды өткөрүү үчүн жооптуу депутаттар № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
IV.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ой-Тал айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Үркүнов) милдеттендирилсин.
Төрага: |
| К.Т. Кийизбаев |