Загрузка документа…
ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз IХ сессиясынын
(8-шайланган) жыйналышы
2025-жылдын 10-октябры № 9/2
Ой-Тал айыл аймагындагы калктын жана мекемелердин 2025-2026 күз-кыш мезгилдерине даярдык абалы
Ой-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы С.Аматбек уулунун берген маалыматын угуп жана талкуулап, Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ой-Тал айыл аймагындагы калктын жана мекемелердин 2025-2026 күз-кыш мезгилдерине даярдыгы талапка ылайык экендиги белгиленсин.
2.Айыл аймагына караштуу Сары-Бээ айылындагы жаңыдан бүткөрүлүп жаткан спорт залга керектелүүчү көмүр отунду эсептеп, 2025-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча өтүүчү кезектеги сессиялык жыйналышка сунуш кылуу жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу А.Арзи уулуна милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ой-Тал айылдык кеңешинин социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык- экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Сыдыков) тапшырылсын.
Төрага: |
| К.Т. Кийизбаев |