Загрузка документа…
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз 11-отуруму
2025-жылдын 5-сентябры № 11/1
Кыргыз Республикасынын №194 “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамын аткаруу жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылыштын депутаттарынын кезексиз 11-отуруму, Гүлчө айылдык кеңешинин төрагасы А.Б.Самиевдин, Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын 04.09.2025. №16/173 катынын негизинде, Кыргыз Республикасынын №194 “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамын аткаруу боюнча буйругуна ылайык, Гүлчө айыл аймагындагы айыл өкмөтүнө караштуу калктын тынчтыгын жана бейпилдигин камсыз кылуу жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 20.10.2021. №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 1-17-пунктуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясы тарабынан 2025-жылдын 4-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын №194 “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамы боюнча №16/173 буйругу, Гүлчө айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу жарандардын тынчтыгын жана бейпилдигин камсыз кылуу максатында Гүлчө айыл аймагы боюнча аткарууга алынсын.
2. Кабыл алынган токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевге милдеттендирилсин.
3. Ушул кабыл алынган токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, депутаттык этика жана кеңештин иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: |
| А.Б. Самиев |